Бүгүн, 19-мартта Бишкекте 25 жаштагы бала өзүн өзү асып өлтүрүүгө аракет кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, суицид аракети Шабдан баатыр менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. "Бала жипке асынып өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок жиби үзүлүп, бала көпүрөдөн жолго кулады. Мындан улам ал ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди", - дешти милициядан.