Футзал боюнча өлкө биринчилиги - Суперлиганын алтын медалдарын Оштун “EREM” командасы багынтты. 20-мартта финалдык беттеште Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы менен “EREM” кез келген. Оюндун алгачкы беттеши Ош шаарында өткөн. Анда “EREM” “Мурасты” 7:4 эсебинде жеңип алган. Экинчи оюн Бишкекте өттү.
"Мурас" командасы алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга өтүштү. Бирок коргонууда мыкты болгон "EREM" 1-таймда дарбазасына бир дагы гол өткөргөн жок. Экинчи таймда "EREM" Алиа Силла менен Максат Алимовдун жардамы менен алдыга озушту. "Мурас" буга бир голу менен гана жооп кайтарды. Оштун командасы 3:1 эсебинде утуп алды. Жыйынтыгында Суперлиганын жеңүүчүсү аталды.