Бишкекте Нооруз майрамында 6500дөй жоогазын тебелендиде калды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-мартта билдирди.
"Жашылдандыруу" муниципалдык мекемесинин маалыматына ылайык, кечээ Нооруз майрамында "Ала-Тоо" аянтынын 165 чарчы метрине отургузулган жоогазындар тебеленди: Курманжан датканын эстелигинин жанында 20, галереянын жанында 70, Чүй кең көчөсүндөгү клумбалардын 75 чарчы метри. Март айынын башында кызматкерлер тарабынан 120 миң жоогазын отургузулган", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия шаар тургундарын шаардык кызматтардын эмгегин сыйлоого, гүлдөргө аяр мамиле кылууга чакырат.
"Жашылдандыруу" ишканасынын башчысынын орун басары Вера Слесареванын айтымында, тебелендиде калган жоогазындардын 90 пайызы өсөт.
"Жоогазындар жаңы отургузулуп, толугу менен чыга элек болчу. Аларды бир сыйра карап чыгабыз. 90 пайызы өсүп чыгат", - деди орун басар.
Эскерте кетсек, былтыр шаар боюнча 22 842 баш жоогазын отургузулуп көз сүйүнтсө, 17-апрелден 18-апрелге караган түнү Курманжан датка жана Манас айкелдеринин айланасына отургузулган 1200 жоогазынды белгисиз адамдар жулуп кетишкен. Бир күн өткөн соң жоогазындар жаш балдар тарабынан уурдалганы белгилүү болгон.