"Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Ким Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын сурагынан чыкты. Сурак 3 сааттан ашуун убакытка созулду. Кимди колдоо максатында келген анын кесиптештери сыртта күтүп жатышты.
"Биз протокол менен тааныштык. Мага тагылган күнөөлөр жок жерден чыгарылган. Эч кандай негизи жок. Суракта эмне болгонун ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол койгонум үчүн журналисттерге комментарий бере албайм", - деди Ким.
Мындан тышкары ал кийинки сурак 27-мартта саат 14:00дө өтөрүн баса белгиледи. Ошондой эле ага эч жакка чыкпоо баш коргоо чарасы аныкталганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 17-мартында саат 18:30 чамасында аталган кызматтын өкүлдөрү А.Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө келишкен. Бирок Кимдин жакындары жана кесиптештери каржы полициясынын бул аракети мыйзам бузуу экенин айтышып, мекеменин өкүлдөрүнө бөгөт коюшкан. Жыйынтыгында Ким 22-мартта саат 14:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка баруу тууралуу милдеттенме жазган.
Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын айткан Александр Рябушкин 2015-жылы өз пайдасына Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан аталган сумма табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикондун” 100 пайыз ээси болуп калган.