Улуу Британиянын парламентинин имаратынын жанында айдоочу унаасы менен адамдарды сүздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, унааны башкарып бараткан адам Вестминстер көпүрөсүнүн тротуарында турган адамдарды сүзгөн. Андан соң ылдамдыгын жогорулатып, парламенттин дарбазасын сүзгөн. Натыйжада 10дон кем эмес адам жабыркаган. Унаанын айдоочусу бычак менен чыгып тартип сакчысына кол көтөргөн. Полиция кызматкерлери кылмышкерге карата ок чыгарып өлтүрүшкөн.
"Учурда дарыгерлер жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Ошондой эле парламенттин имараты жабылып, жумуш токтогон. Укук коргоо органдары атышуу болгон жерде иштешүүдө", - деп жазышты басылмалар.