Шанхайда сатуучусу жана кассасы жок "Wheelys 24/7" аталышындагы дүкөн ачылды. Аты айтып тургандай эле дүкөн дем алышсыз, 24 саат бою иштеп турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, мындай жайда соода кылуу үчүн алгач смартфонго товарларга кирүүгө жана кардардын банктык эсебинен колдонууга мүмкүндүк берген атайын тиркемени орнотуу зарыл. Дүкөндүн электрондук дарегине катталган кардар дүкөнгө жакындаганда эшиктер дароо ачылат. Ал эми буюм сатып алууда алуучу товардын штрих-кодун телефондун камерасынын жардамы менен сканерден өткөрүүсү зарыл. Бул учурда кардардын банктык эсебинен төлөм алынат.
Азырынча дүкөн тестирлөөдөн өтүп жаткандыктан ага кирүү үчүн алдын ала катталуу зарыл. Ошондой эле уурулуктун алдын алуу үчүн видеокөзөмөл да орнотулган.