Кыргыз мамлекетинен чыккан спортчу эже-сиӊди Валентина жана Антонина Шевченколор АКШда атайын фотосессияга катышышкан. Бул тууралуу Валентина Шевченко Фейсбук баракчасына жазып, сүрөтүн илген.
Ретро стилинде болгон фотосессияны фотограф Трент Шерилл уюштурган. Анын алкагында спортчу кыздардын түрдүү образда сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.
Ошондой эле фотосессияга алардан башка да бир нече модель кыздар катышкан.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Муай тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк күрөш искусствосу оюндарынын 2 жолку жеңүүчүсү, кикбоксинг жана К1 боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону жана MMA боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Айымдар арасында "Дүйнөнүн мыкты тай боксчусу" наамынын ээси.
Валентинанын апасы Елена таэквондо менен машыккан. Эжеси Антонина да ушул жолду тандаган. Валентина 5 жашында түрдүү спорт түрлөрү менен машыга баштайт. Кийин Павел Федотов аттуу машыктыруучуга барып тарбияланган.