Украинанын аймагына кирүүгө тыюу салынган Юлия Самойлова "Евровидение-2017" сынагына видеобайланыш аркылуу катыша алат

Орусиянын атынан "Евровидение-2017" музыкалык сынагына катышып жаткан Юлия Самойлованын Украинанын аймагына кирүүгө тыюу салынганы интернет ааламында катуу талкууга алынган. Сынактын уюштуруу тобу да бул чечимге байланыштуу нааразычылыгын билдирип чыккан.

Кечээ, 23-мартта белгилүү болгондой, Самойлованын сынакка катышуусуна баары бир мүмкүнчүлүк берилет. Ал үчүн ырчынын Украинанын аймагына кирүүсү шарт эмес. Сынактын уюштуруу тобу Биринчи каналга Юлиянын аткаруусун онлайн режиминде спутникалык байланыш аркылуу Орусиядан көрсөтүүсүн суранып, расмий билдирүү жөнөткөн. Европа аудиториясы үчүн ырчы эки жолу: жарым финалда жана андан өтсө, финалда ырдай алат.

"Бул окуя "Евровидение" тарыхында уникалдуу учур болушу мүмкүн", - деп билдирген эл аралык сынактын өкүлү Йуна Ола Санда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2017-03-24 12:38:23
Мына бул башка кеп...Чындыгында ырчыда эмне куноо?Эки тоо урушса ортосунда чымын олот кылбай.Чындыгында ыры соонун.Кыздын уну да сонун.Финалга чыгышы мумкун,уч орундун бироосуно илешет деп ойлойм.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан