Чернобыль апаатына катышкан тургундун кызы: "Атам ден соолугунан ажырады, бирок мамлекеттен жардам албай жатат"

Ала-Бука районунун тургуну Асел Шайлыбаева бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына атасы Кушбай Шайлыбаев Чернобыль апаатынан жабыркаганын, бирок мамлекет тарабынан эч кандай жардам албай келерин айтты.

"Биз Ала-Бука районунда жашайбыз. Атам убагында Чернобыль апаатына катышып, ден соолугунан ажырады. Кезегинде өлкөгө кызмат кылганы минтип бааланбай калды. Атам менен чогуу кызмат кылган жолдоштору 10 миң сомго чейин пенсия алышат. Атам буга чейин 2 жылдай пенсия алып жүрдү. Акыркы 2-3 жылдан бери төлөнүп берилбей калды. Ал азыр 60 жаштан ашты. Тиштери түшүп, кырсыктын терс таасири тийип жатат", - дейт А.Шайлыбаева.

Маалыматка ылайык, Украинадагы Чернобыль апааты 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Кырсык болгон жерге жакынкы 30 чакырым аралыктагы 115 миң адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Жарылуу орун алган аймакты калыбына келтирүүгө Советтер союзунун курамындагы өлкөлөрдүн миңдеген аскерлери тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bubu88
2017-03-24 18:51:49
Атаңа ден соолук берсин оорубай узаак жашасын өйдө жактан жооп болот деген ойдомун
+7
GER
2017-03-25 13:18:43
Кандай байланышсак болот бул эже менен? Сураныч номерлерин жазып коюнуздарчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан