Учак кырсыгы боюнча түзүлгөн комиссия чогулган каражатты бөлүштүрүү боюнча иш алып барууда. Мындай маалыматты бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
"Курулуш башкармалыгы дачалары айылындагы учак кырсыгы боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Алардын курамында жабыркагандардын жакындары жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү бар. Учурда комиссиянын чечимин күтүп жатабыз. Алар кайсы үй-бүлөгө канча каражат бөлүнүшү керектигин тактап, эсептеп жатышат. Жыйынтыгын чыгарып, кимге канча которуп бергиле десе, биз аракеттерди баштайбыз", - деп билдирди Боронов.
Маалыматка ылайык, Боинг кырсыгында жабыркагандар үчүн атайын эсеп ачылып ага 96 миллион 532 миң сом чогулган. Ошол эле учурда ачылган эсеп жабылганы айтылган.
2-мартта К.Боронов "Он күндүн аралыгында чогулган каражатты качан таратып берерибиз тууралуу чечим кабыл алабыз" деп билдирген эле.