Орусиядагы митингдердин уюштуруучусу Алексей Навальныйга 20 миӊ рубль айып салынды

Москванын Тверск облустук соту оппозиционер Алексей Навальныйды макулдашпай митинг өткөрүүгө күнөөлүү деп таап, ага 20 миӊ рубль айып салды. Орусиялык ММКлар 27-мартта жазышкандай, Навальный өзү митингди уюштуруу мыйзамдуу экенин жана Конституциялык соттун чечимине ылайык келерин билдирди.

"Биз акцияны макулдашуу үчүн Москва бийлигине кайрылганбыз. Мыйзамга ылайык, биз 3 күндүн ичинде макулдашып же башка жерди сунушташыбыз керек эле. Бирок бул болгон жок, анткени Конституциялык соттун чечимине ылайык, биз башында эле сураган жерге акция өткөрүүгө укугубуз бар болчу", - дейт Навальный.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан