21:22 Кыргыз-Макао оюну 1:0 эсеби менен соңуна чыкты. Бүгүнкү оюндун жеңүүчүсү Кыргыз өлкөсү болуп спорт тарыхыбызда жазылып калды. Ошондой эле бүгүнкү голдун негизинде Кыргыз курамасы өз тайпасында 3 упай алды.
21:19 Көптөр күткөн алмашуу: Эдгар Бернхардттын ордун Антон Землянухин алмаштырды. Убакытка дагы кошумча 3 мүнөт кошулду.
Макао курамасы оюндун убактысын чоюуну улантууда. Оюнчуларынын бири ичин басып жатып калды. Оюндун 80-мүнөтүндө Макаонун дарбазасына Кыргыз курамасы айып сокку узатмакчы болду. Бернхардттын көтөрүп берүүсү анчейин кооптуу болгон жок. Топ кирбей, дарбазадан ашып кетти.
20:58 Оюндун 65-мүнөтүндө Азамат Байматов эсепти ачты. Ал Ахлидин Исраиловдун узатып берген тобун Макаонун дарбазасына туштап тепти. Жыйынтыгында гооо-оол!!! Стадиондогу көрүүчүлөр асманды жара кыйкырышты. Албетте, эсеп ачылды. Ал эми голдон кийин Макао курамасы чабуулчусун алмаштырды.
20:54 Оюндун 60-мүнөтүндө чабуулчу Виталий Люксту Кайрат Жыргалбек уулу алмаштырды. Ошондой эле Ислам Шамшиевдин ордуна жарым коргоочу Фархат Мусабеков көк майсаңга чыкты.
20:44 Макаонун оюнчулары топ катуу тийген учурлардан пайдаланып, убакытты чоюуну башташты. Кыргыз футболчулардын даярдыгын байкаган макаолуктар оюндан жеңишти көрбөй жатышкан өңдүү. Ошол себептен убакытты бекерге кетирип, тең чыгууну көздөп жатышат десек болот. Бүгүнкү оюнда Эдгар Бернхардт өзгөчөлүгүн көрсөтүп жатат. Ал ыңгайы келип, Макао дарбазасына топту таамай тээп, бирок дарбазачы аны тосуп калды.
20:32 2-тайм старт алды. Улуттук курамда оюнчулардын орун алмашуусу болгон жок. Эдгар Бернхардт сокку узатты. Дарбазачы аны тосуп алды.
20:17 1-тайм бүттү. Эсеп 0:0. Бүгүнкү оюнда Кыргыз курамасы жеңүүчү болот деген үмүт бар. Анткени кураманын башкы машыктыруучусу оюнчулар физикалык, психологиялык жактан толук даяр деген болчу. Бирок Курама ишенич арткан оюнчу Антон Землянухин оюн алдындагы машыгуулар учурунда жаракат алып, негизги курамга кирбей калган. Азыр болсо 2 таймдын ортосунда Орусияда өтө турган Конфедерация Кубогуна 3 билет ойнотулууда.
20:10 Оюнчу Мирлан Мурзаев топту алып, Макаонун дарбазасына жакын келип, ыңгайлуу абал жаралган. Бирок сокку узатуунун ордуна өнөктөшүнө топту өткөрүп берип жаңылыштык кылды. Дарбазанын маңдайына туш келген оюнчу керектүү жерде болбой калгандыктан, топ каршылаштарга өтүп кетти.
20:01 Оюндун 20-мүнөтүнөн тарта Макао дарбазасына Кыргыз курамасы удаа чабуулдарды уюштурууда. Валерий Кичин Макао курамасынын дарбазасына кооптуу абал жаратып сокку узатты. Тилекке каршы, топ дарбазага кирген жок.
19:50 Оюн жүрүп жатат. Азырынча эсеп ачыла элек. Д.Өмүрзаков атындагы стадион талаасынын абалы көңүл жылытарлык эмес экени көрүнүп турат. Белгилүү болгондой, аянттын абалынын мындай көрүнүшүн уюштуруучулар аба ырайынын начар болуп жаткандыгы менен түшүндүрүшкөн.
19:30. Оюн башталды.
19:25. Күйөрмандар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго кирип, орундуктарды ээлеп жатышат. Футболчулар даярдык көрүп жаткан учуру. Белгилей кетсек, футбол боюнча кыргыз командасынын мыкты делген оюнчусу Антон Землянухин негизги курамда эмес.
Кыргыз өлкөсүнүн курамы:
Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Калыс Акималиев.
Коргоочулар: Валерий Кичин, Аманбек Маныбеков, Даниэл Тэго, Азамат Байматов, Данила Сокирченко, Ильяз Алимов, Виктор Майер, Владимир Казакбаев.
Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков, Эдгар Бернхардт, Ислам Шамшиев, Муролим Ахмедов, Азиз Сыдыков, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Авазбек Откеев.
Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев, Виталий Люкс.