Депутат айыл чарба боюнча вице-премьер-министр кызматын түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Бир бол” фракциясынын депутаты Алмасбек Акматов өкмөттө айыл чарба боюнча вице-премьер-министр кызматын түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, Кыргыз мамлекети 70 пайызга агрардык өлкө болгондуктан бул тармакка өзгөчө көңүл буруу керек.

“Өкмөттүн маалыматы боюнча, айыл чарба продукцияларын экспорт 14,5 миллиард сомду, ал эми импорт 32 миллиард сомду түздү. Мындай көрүнүш көп нерсени түшүндүрүп турат. Бул тармакты биринчи вице-премьер-министр карап, бардык күчүн жумшап жатат. Бирок ал башка тармактарды дагы карайт да. Ошондуктан өзүнчө вице-премьер-министр кызматын түзүү керек же вице-премьер-министр статусун айыл чарба министрлигине берүү зарыл”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан