Түркиялык "ACT Airlines" компаниясы Боинг кырсыгынан жабыркагандарга компенсациянын бир бөлүгүн которду. 600 миӊ доллар (42 миллион сомдун тегереги) 30-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине келип түшкөнүн биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт мүчөсүнүн айтымында, Түркия тарап компенсацияны толук которгондон кийин акча жабыркагандарга берилет. Ал Кыргыз тарапка келтирилген материалдык чыгымды төлөөдө пикир келишпестиктер жок экенин, азыркы учурда тактоо жана макулдашуу процесси жүрүп жатканын кошумчалады.
Абылгазиев 30-мартта "ACT Airlines" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушканын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Аэрофлот дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө.