Өзгөн жолдорунун аң-чөнөктөрү топурак менен толтурулуп жатканы тууралуу кабарлаган окурман "Элдик кабардын" март айындагы жеңүүчүсү болду

Топурак менен толтурулган аң-чөнөкУчурда өлкөбүздө жол көйгөйү эң негизги маселелердин бири. Республика аймагындагы жолдордун көпчүлүгү Советтер союзунун мезгилинде курулган. Жыл сайын жол тейлөө ишканалары ондогон жылдар мурун салынган жолдорду оңдоп-түзөө аракеттерин көрүшкөнү менен, көп өтпөй алардын абалы баягы эле көрүнүшкө кептелет. Буга эмне себеп?

Жолго болгон басымдуулуктан, түрдүү аба ырайынан анын эскилиги жетет. Ошол эле убакта аң-чөнөктөрдүн пайда болушуна колдонулган материалдын төмөн сапатынан жана талапка жооп бербеген технология менен курулушу, оңдолушу да себеп болот.

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурмандардан жол көйгөйлөрү тууралуу кабарлар көп келет. Алардын бирин 7-мартта жөнөткөн Улан Мадамбеков "Элдик кабар" рубрикасынын март айынын жеңүүчүсү аталды. Ал жөнөткөн видеодон Өзгөн районунун Мырзаке айылынын жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери кадимки асфальт төшөлгөн унаа жолдогу аң-чөнөктөрдү жолдун боюндагы топурак менен толтуруп жатышканын көрүүгө болот.

Улан Мадамбеков- Саламатсызбы? Куттуктайбыз, сиз март айынын жеңүүчүсү болдуңуз.

- Телефон утуп алдымбы? Тамашалап жаткан жоксузбу? (күлүп) "Жеңүүчү болом" деп ойлобой эле жибергем. Мырзакенин жолундагы аңдарды бир айдын ичинде 3 жолу топурак менен толтурушту. Чынында кыжырыбызга тийди. Ошол үчүн "Элдик кабарга" жибердим.

- Сиздин оюңуз боюнча аң-чөнөктөрдү топурак менен толтуруп, коопсуздук камсыздай алышабы?

- Жок, эч качан. Бир жамгыр жааса жок болуп кеткен жолдун эмне кереги бар? Мындан сырткары жолду оңдоого каражат бөлүнүп жатса керек. Видео "Элдик кабарга" чыккан соң социалдык тармактарга кенен жайылып, талкуу жаратты. Уялышты окшойт, ошондон кийин минтип оңдобой калышты.

- Сургуттагы жолдор кандай?

- Орусияныкы биздикинен жакшы, Орусияныкынан Казакстандыкы жакшы. Ал эми биздин жолдордун 15-20 жылдар аралыгында да мындай деңгээлге жетишине көзүм жетпейт.

- Эми кандай жыйынтык болот деген ойдосуз?

- Жаз келип калды. Жолдорду талаптагыдай жасашат деген үмүттөмүн. Биздин чоңдор анча-мынча нерседен уяла беришпейт, ошентсе да жыйынтык болот деген ойдомун.

Өзгөн районунун №5-жол тейлөө башкармалыгынын жетекчиси Тыныбек Кадырбековдун айтымында, райондогу жолдорго 40 жылдан бери көңүл бурулбайт. Ал эми кызматкерлер коопсуздукту камсыздоо максатында мындай "чарага" барышкан.Жайыл районундагы Жайыл айылына барчу жол

"Биздин райондогу 14 айыл өкмөттүн жолун карайбыз, анын узундугу 300 чакырым, 40 жыл мурун оңдолгон. Жалпысынан 160 миңдей тургун жашайт. Жыл сайын жол кырсыктарынан 1300дөн ашуун адам каза болот. Ал эми Мырзакеде 18 миң адам жашайт. Жолдордогу аң-чөнөктөр көптөгөн кырсыктарга себеп болот. Тургундардын коопсуздугу үчүн жок дегенде топурак менен толтурууну туура көрдүк. Андан сырткары бул эч кандай чыгымга алып келбейт. Биздин жолдор аркылуу кышы-жайы дебей, оор жүк ташуучу унаалар өтүп турат, бул да болсо жолдордун бузулушуна себеп. Быйыл оңдоо иштерине бюджеттен 33 миллион сом каралды", - дейт жетекчи.

Мындан сырткары Тыныбек Кадырбеков цемент чыгаруучу ишкана жоктугунан оңдоо иштери оңой болбой жатканын кошумчалады. Базар-Коргондон цемент алып келүү көп чыгым жаратса, Кара-Кулжадагысы ишке бериле элек. Ошондой эле Кадырбеков башкармалыктын кызматкерлерине айлык-акы өз убагында тийбесе да, кар же жер көчсө, күнү-түнү дебей иштешерин айта кетти.

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Өндүрүштү камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башкы адиси Азамат Эсалиев министрлик аң-чөнөктөрдү топурак менен толтуруу тууралуу буйрук чыгарбаганын билдирген.

Жолго өз убагында кам көрүлбөй, кырсыктардын саны артып жатат. Ал эми жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери мамлекеттен каражат күтпөй, кичине болсо да коопсуздукту камсыздоо максатында мындай иш аткарып, эки убара болушууда.

2017-жылдын жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - Медербек Кеңешов (Бишкек шаары).
2017-жыл, февраль - Байболот Атаканов (Өзгөн шаары).
Өзгөндө жолдор ушинтип оңдолот экен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-03 18:53:11
Жайылдын жолдору тоок жумуртка баскандай тешилиптирго
+2
jigit.paren
2017-04-05 19:39:12
Реалбек89 Улан иним байгең кут болсун.
0
baltabai
2017-04-12 14:38:41
Biz telefon uutabyz
0
ernis-osh
2017-06-15 19:20:30
Урматтуу Улан мырза ошондо сен машинен менен ангекке донгокко тушпой бара жаттынбы дальше кете бербейсинби анан февраль-мартта каяктагы асфальт сага ямочный кылганга. Жамгыр да коп жаады жазда ойлонсон Ошол уткан Смартфонун кыргыз жеринен да артык корундубу сага...
0
ernis-osh
2017-06-15 19:22:23
realbek89 кана азыр чыгып кочондогу ямаларды таап толтурчу коройлу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан