2017-жылы 6-ирет өтө турган "Ак илбирс" киносыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде аталган долбоордун коом менен байланышуу боюнча менеджери Чолпон Идрисова билдирди. Сыйлык тапшыруу аземи 14-апрелде "Манас" кинотеатрында өткөрүлөт.
"Мыкты фильм":
1. "Атанын керээзи" тасмасы;
2. "Мунабия" тасмасы;
3. "План Б" тасмасы.
"Мыкты режиссёр":
1. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу ("Атанын керээзи");
2. Нурлан Абдыкадыров ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Таалайбек Кулмендеев ("Мунабия").
"Мыкты сценарий":
1. Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу ("Атанын керээзи");
2. Таалайбек Кулмендеев ("Мунабия");
3. Жеӊиш Майрамбек уулу ("План Б").
"Мыкты оператор":
1. Акжол Бекболотов ("Атанын керээзи");
2. Сапар Койчуманов ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Марс Умаров ("Мунабия").
"Мыкты сүрөтчү":
1. Урмат Осмоев ("Атанын керээзи");
2. Байыш Исманов ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Абылкасым Исмаилов ("Мунабия").
"Мыкты композитор":
1. Мурзалы Жээнбаев ("Кыргыз-казак бир тууган");
2. Мурзалы Жээнбаев ("Мунабия");
3. Ролан Сейитбеков ("План Б").
"Мыкты үн режиссёру":
1. Керимбек Өмүркожоев, Нурлан Разакулов ("Атанын керээзи");
2. Нурлан Разакулов ("Кыргыз-казак бир тууган");
3. Калыбек Шерниязов ("Мунабия").
"Мыкты монтаж":
1. Актан Рыскелдиев - ("Атанын керээзи");
2. Элдияр Мадаким ("Мунабия");
3. Элдияр Мадаким ("План Б").
"Мыкты эркектин ролу":
1. Иман Мукул ("Атанын керээзи");
2. Назым Мендебаиров ("Мунабия");
3. Назым Мендебаиров ("Кыргыз-казак бир тууган").
"Мыкты аялдын ролу":
1. Айжан Аденова ("План Б");
2.Жамиля Сыдыкбаева (Бажарики");
3. Мээрим Атантаева ("Мунабия").
"Мыкты даректүү тасма":
1. "Жашыл жазда кыялдарым", режиссёру Аман Ажымат;
2. "Каратегинден кат", режиссёру Жаӊыл Жусупжан;
3. "Спасибо, доктор", режиссёру Адилет Каржоев.
"Мыкты кыска метраждуу тасма":
1. "Дүбүрт", режиссёру Бектурган Кундузбеков;
2. "Мелдеш", режиссёру Акыйкат Аскаров;
3. "Олжо", режиссёру Болсунбек Таалайбек уулу.