Кыргыз мамлекетиндеги демократиянын көрсөткүчү 2016-жылы 6 балл болуп, авторитардык режиминдеги өлкөлөрдүн категориясына киргизилди. Ага чейинки жыйынтыкта көрсөткүч 5,89 балл болгон (1 балл - эң жогорку, 7 балл эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат). Мындай маалымат Freedom House укук коргоо уюмунун "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр-2017" аталышындагы жылдык докладында жазылат.
Демократиянын өнүгүү деңгээли жети көрсөткүч менен бааланат. Алар улуттук демократиялык башкаруу, шайлоо процесси, жарандык коом, басылмалардын сөз эркиндиги, жергиликтүү демократиялык башкаруу, юстиция системинин көз карандысыздыгы жана коррупция маселелери. Freedom House Кыргыз мамлекетинде бир нече көрсөткүчтөр начарлаганын белгилеген.
Маалыматка караганда өткөн жылы декабрь айында конституциялык референдумдун кыска аралыкта өткөнүнө байланыштуу шайлоо процесстеринин көрсөткүчү төмөндөгөн. БУУнун Азимжан Аскаровдун иши боюнча сунуштары эске албаганы юстициянын көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө себеп болгон. Ошондой эле жарандык активисттерди коркутуу, эл аралык уюмдарга жасалган басым, укук коргоочуларды көзөмөлдөө да көрсөткүчтүн начарлашына шарт түзгөнү айтылат.