Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев кызматтан кетти

Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 31-мартта Улуттук илимдер академиясынын башчысы А.Эркебаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ал мындай кадамын жаштарга жол берүү менен түшүндүргөнү айтылган.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын башчысы А.Эркебаев акыркы 5 жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келген. Алдыда Эркебаевдин кызматтык мөөнөтү бүтөрүнө дагы бир жыл убакыт бар эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан