Венесуэлада оппозициянын митингинде тартип сакчылар менен кагылышууда 20га жакын адам жаракат алды

Бүгүн, 7-апрелде Венесуэлада оппозициянын митингинде тартип сакчылар менен кагылышууда 20га чукул адам жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 10 адам ооруканага ар түрдүү жаракаттары менен жеткирилди. "Бул аптада оппозиция өкмөткө жана президент Николас Мадурого каршы бир нече акцияларды уюштурган. Буга чейинки митингде 50гө жакын адам полиция менен кагылышууларда жаракат алганы белгилүү болгон. Оппозициянын нааразычылык акцияларын уюштурууга Жогорку соттун президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча чечими себеп болууда. Өлкө бийлиги жарандарды тынчтыкка жана чыдамдуулукка чакырды", - деп жазышат басылмалар.

Венесуэладагы оппозициянын митинги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bekov01
2017-04-07 12:22:53
Биз деле 7-апрельде кылып королучу бальким болуп кетет дегенго
+4
nurbekasr
2017-04-07 12:34:10
Бул азыркы бийликтен жададым,батыраак эле башкалар келсе экен Кыргызстанды алга жылдыра турган.7жылда аябай артка кеттик өнүкбөй эле.7-апрель мен үчүн майрам эмес,бийликке келгендердин майрамы. Ала тоо аянтта калп эле элге кабагын салып жарты баракты окуп коёт кайгырымыш болуп,ичинен ит өлүп жаткан менен иштери жок.Сөз жок аман эле болгула да чыт курсактар.
+5
Asan123
2017-04-07 13:15:10
7 жылда бир келчуу майрам катары календарь кылып койсун
Атамбай жон эле кетет бекен же 3 майрам кылабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан