Индияда маймылдар менен өскөн кыздын ата-энеси изделүүдө

Индиянын полициясы токойдо маймылдар менен өскөн кыздын өздүгүн тактоо аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги жазып чыкты.

Агенттиктин билдирүүсү боюнча 10-12 жаштагы кызды Индиянын түндүгүндөгү токойдон январь айында табышкан. Ал жаныбарлардай 4 аяктап басып, кийим кийбей, тамакты жерден терип жечү. Ошондой эле ал сүйлөгөндү билчү эмес. Куткаруучулар кызды токойдон алып кетерде, аларга маймылдар кол салып, кызды алып калуу аракетин көрүшкөн.

Учурда кыз ооруканада. Полиция анын ата-энесин табууга, ал кантип токойго барып калганын билүүгө аракет жасашууда.

Индияда Мауглидей кыз табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
meni_kut
2017-04-07 11:32:21
Маугли кызго,маймылдар "ХХХ" койбоду бекен.Ата энеси табылып калсын
-9
Begimkyz.
2017-04-07 11:59:33
Жакшы психолог менен кызды даарылап. Биздин жашоого кайтарыш керек. Жанындагылар эмне анча ызылдашат? Токойдогу маймылдар жолдо калып кетти го.
+7
Omurbek998
2017-04-07 12:13:17
Кыз шок болуп атат кайсыл маймылдар болду экен булар деп
+18
Ellis
2017-04-07 16:33:14
Адам коро элеке окшоп айланасындагылар не б.п жатышат,байкуш кызды чоочутушуп.
+4
aruuke9292
2017-04-07 18:33:11
Тообо кинолор чындыкка айланып баратат го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан