Димаш Кудайбергенов Кытайда "Эл аралык деӊгээлдеги популярдуу ырчы" наамын жеӊип алды

Казакстандык ырчы, учурда Кытайдагы "I Am a Singer 2017" музыкалык сынагына катышып, аталган өлкөдө популярдуулугу артып жаткан Димаш Кудайбергенов аталган өлкөдө "Top China Awards" маданий иш-чарасында "Эл аралык деӊгээлдеги популярдуу ырчысы" наамын жеӊип алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ал эми өткөн айда "Азиянын эӊ популярдуу аткаруучусу" номинациясы боюнча жеӊишке жетишкен.

8-апрелде "I Am a Singer 2017" сынагынын финалынын биринчи күнү өтүп, анда 10 аткаруучу талантын көрсөтүшкөн. Димаш анда Адриано Челентанонун "Confessa" ырын жана Дива Плавалагунанын "Бешинчи элемент" кинофильминдеги ариясын аткарган.

8 катышуучу андан кийинки турга өтүшкөн. Эми 15-апрелде жеӊүүчүнүн ысымы айтылат.

Димаш Кудайберген - Confessa, The DIVA Dance (I am a Singer, 12 ТУР)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
BekAmir
2017-04-10 10:00:06
Азамат
0
Aitun
2017-04-10 10:43:37
Молодец Димаш. Биринчи турда ырдаганын он кун тынбай угуп журдумго.
0
grace
2017-04-10 12:25:43
Азамат! Алга!
0
AzKumFerDan
2017-04-10 12:45:34
Казакпы бул
0
OMURBEK.
2017-04-11 02:43:02
азмат Димаш ушул баланын ырларын уккандан кийин калган ырларды уккум келбей калды бирок чынында уну укмуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан