Унаалар ишеним кагаз менен сатылгандыктан, айып пулду төлөө тууралуу маалымат өз дарегине жетпей жаткандыгы айтылды

Бүгүн, 10-мартта "Бакыттын каты" аттуу маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышып, жол эрежелерин бузгандагы айыптын даректүүлүгү жөнүндө маалымат беришти.

ИИМдин өкүлдөрү жарандарды унаасын сатууда жана сатып алууда дароо каттатууга чакырышты.

"Биздин жарандардын көбү унаасын сатканда мүлктү сатып алуучунун наамына өткөрбөйт. Ишеним кагазы менен гана сатат. Мындай учурда шаарга коюлган фото-видео жаздыруу камераларына жазылып калган жол эрежелерин бузгандардын айып пулу унаанын мыйзамдуу ээсине даректелет", - деди ИИМдин маалымат технологиялары башкы башкармалыгынын жол кыймылындагы коопсуздук жана мониторинг борборунун жетекчиси Талант Сыдыков.

"Ишеним кагаз унаа толугу менен сатып алуучунун наамына өттү дегенди билдирбейт. Патрулдук милиция башкармалыгынан унаа ээсин таап берүү боюнча бизге көп кайрылуулар түшөт. Жыйынтыгында биз документ боюнча унаанын ээсине кат жолдойбуз. Бирок ал унаасын ишеним кагаздын негизинде сатып жиберген болот. Бул абал айыпты өндүрүүгө залакасын тийгизүүдө", - дейт МККнын өкүлү Адылбек Рыскелдиев.

Жыл ичинде Бишкектеги унаа базарынын жанына коюлган фото-видеофиксация жол эрежесин бузган 80 миң айдоочуну каттаса, жалпы жазылган айып пулдун 30 пайызы гана төлөнгөн. Тактап айтканда, жыл ичинде жол эрежелерин бузгандардан түшкөн айыптын суммасы 10 миллион сомду түзгөн.

Ал эми юрист Марат Сейдылдаев унааны сатып алуучунун наамына өткөрүүдө эки тараптуу кызыкчылык болуш керектигин белгиледи:

"Сатып алуучу нотариус, Мамкаттоо кызматынын унааны каттоо департаменттери аркылуу унааны өзүнө өткөрсө болот. Мыйзам сөзсүз түрдө мүлк анын атына жазылсын деп мажбурлай албайт. Бирок жарандар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн каттатуусу зарыл. Анткени ишеним келишими "унаа сага өттү" дегенди билдирбейт. Эгер айдоочу жол эрежесин бузса, кат унаанын мурунку ээсине барса, ал сатып алган адам менен байланышууга, төлөтүүгө мажбур болот. Эгер ал айыпты 30 күндүн ичинде төлөбөсө, туум өсө баштайт".

Маалымат жыйында белгилүү болгондой, ишеним кагазын алуу 900 сом болсо, унааны өзүнүн наамына өткөрүү 4000 сомдун тегерегиндеги каражатты талап кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
stal.ks
2017-04-10 14:43:22
озуно откорууну арзандаткыла баары откорот озунун атына
0
juma11anara
2017-04-10 16:46:06
Озуно откоруу 900сом.
Ишеним кагаз 4000сом.
Ошондо откозуп алмакпыз.
0
bektur_k
2017-04-11 14:28:47
Баарын кымбаттатып жатышат, элдин тапканы жетпей жатса арзан жагына карап тура беребиз да. Элдин сообун алам деген депутат, министр же башка эл окулдору жок, акчасын алсам деп турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан