Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынын алдында 2 митинг өттү.
Биринчилер - Бишкектеги жер астындагы өтмөктөрдө иштеген соодагерлер. Алар өтмөктөрдү оңдоого каршы чыгышкан. Соодагерлер оңдоо иштери бүткөн соң соода орундары азайып калат деп коркушууда.
Экинчилер - Боинг кырсыгы болгон айылдын тургундары. Алар колдоруна "Бизди коопсуз жерге көчүргүлө!", "Биздин үнүбүздү ким угат?", "Жаш балдардын келечеги эмне болот?" деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушкан. Чогулгандар алардын алдына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, 6 парламенттик фракция лидери чыксын деп талап кылышкан.
Азыркы тапта эки нааразычылык акция тең аяктады. Аларга эч ким чыккан жок. Боинг кырсыгынан жабыркаган айылдын тургундары 18-апрелде саат 10:00дө кайрадан митингге чыкмай болушту.
Учак кырсыгынан улам каза болгондорго багышталып, куран окулуп чогулгандар тарап кетишти.