"Кыргызстан сулуу-2017" сынагына катышкан айрым кыздар уюштуруучунун үстүнөн милицияга арыз жазышты

"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын айрым катышуучулары уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызынын үстүнөн милицияга арыз жазышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына арыз жазган кыздардын бири, сынактын финалына катышпай калган Алтынай Абдымомунова билдирди.

Абдымомунованын айтымында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 5-апрель күнү кечинде арыз жазган.

"Азыркы тапта Самидин кызынын үстүнөн менден башка дагы 7 кыз арыз жазды. 30 билетти 500 сомдон сатуу келишимде көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле уюштуруучулар ар бир катышуучудан 5 миң сомдон алышкан", - дейт Алтынай Абдымомунова.

Сынактын катышуучуларынын арыз жазганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Bak.taalai
2017-04-12 00:01:42
Арызчы кыз канчанчы ном.деп турат суротто айтып коесуздарбы
0
jypara1415
2017-04-12 00:29:42
Bak.taalai, тилекке каршы арызчы
кызын катыша албай , ыйлаган боюнча
кала берген ......
0
ai_altyn
2017-04-12 00:54:55
Bak.taalai,бул суротто 5 номердеги кыз Алтынай Абдымомунова. Уткан кыз 11 номер.
0
Ulan2601
2017-04-12 00:39:01
Негизи маданият министри уюштуруш керек эле жаш кыздарга берип коюп ушинтип эми тытышып журо бергиле
+6
taha_azik
2017-04-12 00:41:03
Уюштуруучу ар бир кыздан 5000 сомдон алса, 17 катышуучудан 85000 алыптыр. Бизнеси чындыгында кучтуу экен, олкобуз онолуш керек дейбиз мынтип ар бир жерде коррупция болуп жатса кайдагы онолуу. Сот туура чечим чыгарып куноолуулор мойнуна алса экен!
+9
safia16
2017-04-12 00:54:44
Бала бакчага баланды бергенден баштап,президенттик шайлоого чейин коррупция.Мындай жанылыктар биз учун жанылык деле болбой калды.
+8
Jamalym
2017-04-12 01:13:40
8 жана 10 номурдагы кыздар да озгочо сулуу кыздар экен.
-3
Djal1987
2017-04-12 01:35:37
Ушуларды эрге берип торотуш керек бештен сегизден ондон. Сахнаха ХХХ койбой. Берки таттынарды 20ны торотуш керек.
+4
admin_portal
2017-04-12 12:09:09
Djal1987,порталдын эрежелерин сактаңыз!Оозеки эскертүү!
-1
toktor89
2017-04-12 01:49:55
Ээ туугандар эч нерсени билбейбизоз жаныбызды бейишке эмес тозоеео туртобуз. Кыяматтын белгилеринин бири
ЯДЖУД МАДЖУД ЧЫКСА СУЛУУЛУГУНАРДЫ КОРСОТОТ ЭЛЕ
+2
Erkinali85
2017-04-12 02:30:27
Эми баары сулуу болот окшойт соттошуп.
-1
Adi8928
2017-04-12 03:52:33
Мусулман болуп жарым жыланач сулуулуктун эмне кереги бар
-1
MYRZAA
2017-04-12 04:54:55
Январь-(Синий кит)
Февраль-(Диана Шурыгина)
Март-(между нами тает лёд и Вите надо выйти)
Апрель-Мисс 2017

Текебаев менен Жапаров эми точно капа болушат,аларды унутуп калышты го.Кызык.
0
Amir2010
2017-04-12 07:21:25
Ушул кыздарга вобще тушунбойсун даа))) Силерге ошол Таттубубу туура эле кыйкырып соккон экен))) Ошого татыктуу эле экенсинер
-3
Ak_Bulut
2017-04-12 09:41:58
Сулууларды коро албагандар коп,оздору сулуу боло албай. P.S. Бирок эркектер деле коро албапсынар жамандап. Эми мусулман деп баштабагыла
-2
admin_portal
2017-04-12 12:06:32
frunze14,кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
-1
tipokan2
2017-04-13 00:50:51
Тушунбойм
0
tipokan2
2017-04-13 17:52:09
эй кыздар эй кыздар эй кыздар келбейлиби бак аралап бир басып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан