Токмокто 15 жаштагы Марлен Айбар уулу изделүүдө

Токмокто 15 жаштагы Марлен Айбар уулу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда 7-апрель күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда 15 жаштагы Марлен Айбар уулунун 4-апрель күнү эртең менен мектепке барам деп кеткен боюнча дайынсыз экени айтылган.

Өзгөчө белгилери: бою 165-168 сантиметр, чачы кара түстө, мурдунун сол жагында меңи жана үстүнкү эрининде анча чоң эмес тырыгы бар. Ошол күнү боз түстөгү жынсы пиджак, боз түстөгү жынсы шым кийип жүргөн. Ошондой эле күрөң түстөгү мектеп сумкасын асынып жүргөн.

"Эгерде аны көрүп-билгендер болсо, 0312 60-72-26, 0703 73-75-73, 0700 75-28-75 телефон номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар", - деп суранат Чүй ОИИББинен.

Баласы жоголгон эне: "Балам кат жазып калтырыптыр, 10 күндөн бери дайынсыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2017-04-11 17:49:41
Эх кудайым аман эсен табылып калсын акыркы күндөрү жаш балдар жоголо баштады.
+3
Kroxa
2017-04-12 10:07:48
Кудай сактаса экен балдар мектептен келгиче озунчо журок ооруу болчу болду..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан