12-апрелге караган түнү Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюндарынын алкагында дортмунддук “Боруссия” (Германия) менен “Монаконун” (Монако) беттеши болмок. Немис командасынын автобусунун жанында болгон 3 жардыруудан улам оюн 12-апрелге Бишкек сааты боюнча 22:45ке жылдырылды.
Маалыматка караганда жардыруудан Боруссиянын коргоочусу Марк Бартра жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилди. Дортмунд шаарындагы "Сигнал Идуна Парк" стадионунан 10 чакырым алыстыкта орун алган жардырууда бир адам жабыркаганын Боруссия расмий ырастады.