Композитор Азат Дөөткулов оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди

Композитор, ырчы Сайра Момунбаеванын күйөөсү Азат Дөөткулов ооруп жаткандыгы, каржылык жардамга муктаж экендиги тууралуу кабар кечээ, 11-апрелде алгач социалдык тармактарга тарады. Ал эми бүгүн, 12-апрелде композитордун кызы Акбермет атасынын абалы эртеӊ менен оорлошуп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн SUPER.KG`ге кабарлады.

"Атам кант диабети менен ооручу. Оору бат эле өөрчүп, бутундагы бармагынан башталган гангрена бөйрөккө чейин жетип кетиптир. Эртеӊ менен өзүн жоготуп койгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Азыр кан, дары-дармектин кереги жок деп жатышат. Баарыбыз Кудайдан анын жакшы болуп кетишин тилеп жатабыз", - дейт Акбермет Азат кызы.

Ал эми жубайы Сайра Момунбаева керектүү кан, дары-дармек жетиштүү экенин айтып, жолдошу үчүн калыӊ элден жакшы тилек, дуба кылуусун суранды.

Белгилей кетсек, Азат Дөөткулов Жийдеш Идирисова менен Нарист аткарган "Эдем алмасы" фильминин саундтрегинин автору, "Жаздагы кусалык", "Сүйүүгө өмүр тилейли" жана башка ырлардын обонун жазган. Ошондой эле Ырыс Окенова койгон "Гүл-гүл эжей" мюзиклдеги бардык музыкалык чыгармаларды иштеп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aipo89
2017-04-12 10:47:21
Батыраак айыгып кетсин,жараткандан шыпаа тилейбиз!
+6
baltabai
2017-04-12 10:49:11
Оомин
+3
Azatbek83
2017-04-12 10:55:14
Аллахым шыпаа берсин.
+5
Atas
2017-04-12 11:09:28
Batyraak aiygyp ketsin , Allahym dabasyn bersin , jarkyrap jaynap ui - buloosunun janynda bolsun
+2
BarsBaatyr
2017-04-12 16:39:50
Аллах шыпаасын берсин Оомииийн!!!
0
momun74
2017-04-12 21:51:25
Аллахым шыпаасын берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан