Кыргыз Республикасынын жаӊы паспортунун үлгүсүнөн "улут" деген графанын алынышы туура эмес. Муну 13-апрелде парламентте депутат Каныбек Иманалиев билдирип, бул маселени Мамлекеттик каттоо кызматы өз алдынча чечпеши керектигин айтты.
"Жакында Санкт-Петербургдагы теракттан кийин Орусиядагы Кыргыз мигранттары паспортко сөзсүз түрдө "улут" деп жазууну талап кылып жатышат. Бул туура маселе, бул саясий маселени коомчулук менен талкуулап чечүү керек. Кыргыз Республикасын Орусияда үч башкача жазылганын көрдүм. Киргизская Республика, Республика Киргизия жана Республика Кыргызстан. Бир мамлекеттин бир эле аталышы болушу керек да. Паспортто "улут" деген графаны сактап калуу менен улуттук иденттүүлүктү сактап калабыз", - деди депутат.
Иманалиев Казакстан латын алфавитине өткөнү жатканын мисал келтирип, "Кыргыз Республикасы да латын алфавитине өтүүгө даярдыкты башташы керек. Бул жаатта адистерди даярдоого киришсек болот", - деди.
Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 14 адам каза болгон. Бул кылмышка Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов шектелип жатат.