Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайга берилген "Кыргыз Республикасынын баатыры" жогорку наамын анын уулдарына тапшырды

Бүгүн, 15-апрелде президент Алмазбек Атамбаев манасчы Жусуп Мамайга берилген "Кыргыз Республикасынын баатыры" жогорку наамын "Ак шумкар" өзгөчө белгиси менен анын уулдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Бул наам өлкө башчынын буйругу менен манасчы Жусуп Мамайга "Манас" улуу эпосунун жана башка эпикалык чыгармалардын сакталышына кошкон салымы, ошондой эле кыргыз элинин тарыхый жана маданий баалуулугун байытууга салган эмгеги үчүн ыйгарылган.

Өз сөзүндө президент Жусуп Мамайдын ысымы кыргыз элинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылганын, анын элесине өзгөчө көңүл буруларын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kyialbek.a
2017-04-15 13:33:35
Борборго кочого ысымын же айкелин тургузуугу сунуш бермекмин ото улуу жана тарыхий инсан
+6
KGstan1981
2017-04-15 13:44:15
Kyialbek.a,Туура айтасын сага кошулам.Кайдагы болбогон марадерлорго арнап 7 апрель деген ат коебуз деп жатышат Бишкектеги кочолорго. Андан коро ошол Жусуп Мамайдын ысымын бир борбордук кочого коюш керек.
+4
dina1983-19
2017-04-15 13:40:32
Бизде өлгөндөн кийин наам орден берип сыйлап калабыз. Тирүүсүндө сыйласак болбойбу....
+4
Medina87
2017-04-15 14:31:31
Тарыхий инсанга кеч да болсо наам ыйгарылып, эмгеги эскерилиптир.
Уулдары атасынын сыйлыгын алып сыймыктанган учуру экен. Куттуу болсун!!!
Жусуп Мамайдын жаткан жери жайлуу болсун, эл эсинде туболук калаарлык эмгектери дагы да сыйга арзый берсин!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан