Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Ленинград облусундагы Тосно районунда болгон жол кырсыкта жалпы 18 адам жабыр тарткан. Алардын төртөө КРнын жарандары болуп чыкты. Баары Тосно райондук клиникалык ооруканага жеткирилгенин, 3өөнүн абалы орто экенин Орусиядагы Кыргыз элчилигинен бүгүн, 16-апрелде кабарлашты.
"Кыргыз жарандардын бирөө 1987-жылкы У.Э. жаракаты жок болгондуктан үйүнө чыгарылган. Калган Кыргыз жарандардын, 1967-жылдын 22-июнунда туулган С.С., 1971-жылдын 4-мартында туулган О.Ж. жана 1978-жылдын 3-августунда туулган К.О. абалдары орто. Тийиштүү медициналык жардамдарды алышууда", - деди Гүлбарчын Байымбетова.
Эскерте кетсек, Форд үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташуучу унаанын артына кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен кичи автобустагы жүргүнчүлөр жабыркаган. Алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экени айтылган.