Бишкекте Байтик баатыр менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаа сүзүшүп, 15тей адам жабыркады

Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте Байтик баатыр менен Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен Тойота Камри унаасы сүзүштү. Күбөлөрдүн айтымында, маршруттук таксиде 15тей жүргүнчү болгон. Ошондой эле айрым күбөлөр жол чырак кызыл күйгөн кезде №199-маршруттук таксинин айдоочусу токтобой, жолун улантканын айтышса, айрымдар Тойота Камринин айдоочусу жолго эрте чыгып алганын айтышууда.

"Байтик баатыр менен келе жаткан маршруттук таксини Максим Горький көчөсүнөн чыккан Тойота Камри унаасы сүздү. Тойотанын айдоочусу жолго эрте чыгып алды. Кырсык болгон соң ал унаасынан чыга калып, маршруттук таксинин айдоочусун чапкылап, коркутту", - деди өзүнүн ысымын атагысы келбеген күбө.

Видеодо маршруттук такси сүзүлгөн соң, сүрүлүп келип, башка унаага жетпей токтогон. Кырсык саат 18:00дөр чамасында болгон. Жүргүнчүлөр арасында каза болгондор жок, бирок ар кандай жаракаттарды алышкан.

Байтик баатыр Горький көчөлөрүндө болгон жол кырсыгы
Байтик Баатырдагы кырсык
Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Саби
2017-04-16 22:37:59
Кобу эле айтып жатышты маршруткадан куноо кетти деп.Кемридеги эже ыйлап кубоолор кордунор го деп жатканын уктум.Маршрутка ушунчалык сузулуп кетиптир Горький кочосунон 100 метрдей ары. аялдаманын ар-кайсы жери уюган кандар болуп калыптыр.Тез жардам келгиче аялдамага алып келип жатышыптыр
+4
realliver
2017-04-16 23:02:50
Маршрутка каттуу келе жаткан, кулагандан кийин да коп жерге сурулуп барыптыр
+3
tavanova.sarah
2017-04-16 23:30:21
Батырак айыгып кетишсин.
0
ABDulHai
2017-04-17 00:17:42
Пайгамбарыбыз (с.а.в) хадисинде; "Шашкан шайтандын иши,Шашпоо Кудайдын иши"- деп бекеринен айткан эмес.
+2
Gema
2017-04-17 01:07:33
Жардамга чуркаган балдар азаматтар,силердей эр жигит адамкерчиликтуулор кобойо беришсин.
+1
Gema
2017-04-17 01:17:26
Маршурттук таксилердин айдоочулары макул ошо менен оокат кылып журушот бирок ото эле наглый келишет астынды кесип отушуп ,же бир рахматын айтып коюшпайт ))как должное воспр.этишет. Ото коп нарушать эткендерин кором.кичине арыдан бери болушса сактаганды Кудай сактафт болушуп.Дагы биронун убалына калышпай.Азыр сен сузбосон сени келип сузчу
Заман болуп калыпты го.Кудай озу
Сактасын бодо кырсыктан баарыбызды.Сак бололу.
0
Santanna
2017-04-17 01:17:59
Видеого тарткан адам кырсык болушун билип тартып турганбф эмне и тушунбодум алдын ала кырсыкты кутуп тургандай суйлошуп тартып туруптурго камера эмес бул
-9
bokonbaev
2017-04-17 01:35:36
Santanna,жолдун четиндеги имараттын камерасы ал. Булар ошол камеранын видеосун телефонго тартып алышкан. Кичине ой жүгүртсөн боло тууганым. Алар кайдан билишмек эле кырсык болорун.жакшы карасан билинип эле турат ко.
+5
Asanovna1805
2017-04-17 01:48:30
Жаракат алгандар батыраак сакайып кетишсин.
+3
kyrgyzstan00
2017-04-17 02:04:32
Жардамга чуркаган Кыргызымдар бар болгула!!!
-1
zhykyo
2017-04-17 04:43:50
Антпейле камри эрте чыгып алыптыр
-3
bokonbaev
2017-04-17 09:40:38
zhykyo,эрте чыкпайле жашыл жанганда айдаган камри. Маршрутка кызылда өтүп бараткан катуу ылдамдык менег
+1
Satana
2017-04-17 10:43:53
zhykyo,
Видеону дагы бир жолу корсон жакшылап,
берки беттеги кара машина как положено
кызылга токтоду
+1
Gukush8993
2017-04-17 07:53:35
Акыркы убактагы кырсыктын баары маршруткалар менен болуп жатат чынында маршруткалар жол эрежелерин бузушуп и бироого тоскооол болушат катуу козомолго алыш керек
+1
Kroxa
2017-04-17 08:01:31
Жродорго камера койулганда ким куноолуу экенин даана билмекпиз,,жакшы аман калгандары..
+2
Eldos1
2017-04-17 08:35:03
Маршрутка кошулган авария коп болуп атат жол эрежени сактабайт деп айтып атабыз туура. Автобус кирсин дейбиз автобусту дагы ушул балдар айдашат буларды дагы тушунуш керек. Уй булоону багыш керек 10 сомдон чогултуп иштешет. Шаарды жалан автобус кылып койсо 8-9 дарда токтошот андан кийин такси менен жургонго чонток туруштук береби? Маршрутка айдагандарга да ыраазычылык айтыш керек ко жамандай бербей. Же 20 сомдон кылыш керек жол кирени отурган орунга гана толотуш керек ошондо жарышпай калышат
-2
aerforce
2017-04-17 10:29:50
Туура айтасын бирок автобус менен болгонбо интервал болот бир экинчиси только астоновкада токтойт корунгон жерден кол которо бербейт ошондо акшындабай айдашат автобус болсо акча мамлекетке толонот а автобус айдагандарга айлык толонот жаталашпат бирин бири кууп набарот эпте убакыт отсо экен деп калышат
+1
aibek1995
2017-04-17 09:11:56
Жардамга чуркаган эр азаматтарды коруп аябай ыраазы болдум. Ушинтип жардамга муктаж болгон адамдарга чуркаган эр журокторго жараткан озу колдосун, оомийин.
+1
tipokan
2017-04-17 16:28:30
айтпа
+12
aerforce
2017-04-17 10:21:35
Азаматсынар кыргызым секунданын ичинде машынаны ачып адамдарды алып чыгышты боорукер кыргызым башка кытайга окшогог мамлекетте кормоксонго салып отобермек окунучтуусу эл ташыган маршруткалар такыр жол эрежесин сакташпайт биринен бири жанталашып адам ташыбай эле картошка жуктоп талада кетип жаткандай астановкага токтогондо чыгып жаткан жагын карабай элден акчасын алып чыгыша берет коп жолу сузуп алайын дегем сигнал берсен карапта койбойт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан