Темир Сариев, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиевдердин катышуусунда саясий кырдаал, өлкө алдындагы жоопкерчилик талкууланды

Бишкекте бүгүн, 17-апрелде "Мамлекет, саясат, жоопкерчилик" аталышындагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясий партиялардын лидерлери, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер жана эксперттер катышышты. Иш-чара мурунку өкмөт башчы Темир Сариевдин демилгеси менен уюштурулду.

12:08 Ахматбек Келдибеков: "Өкмөттүн 80 пайызы ИДП эмнеден турарын билбейт деп айта алам. Биз мамлекеттик башкаруу системин импорттобой эл менен иштешибиз керек. Шайлоо канчалык таза өтөрүн айтып кетишти. Эмне, Европадагы өлкөлөрдүн акчасы жокпу? Электрондук шайлоо өткөрүүнү киргизгенге мүмкүнчүлүк жокпу? Адам шайлоодо өз колу менен жазып тандашы керек. Бюллетень менен шайлоого өтүшүбүз абзел. Саясий куугунтук болуп жатат. Канча адамдар түрмөгө отуруп жатат? Биз азыр колдон келишинче ушунун баарын токтотушубуз зарыл. Кыргыз мамлекети кыргыз эли үчүн гана керек. Мамлекеттин азыркы абалга келишине баарыбыздын күнөөбүз бар. Анын ичинде менин дагы".

11:51 Аликбек Жекшенкулов: "Амбицияларды, таарынычтарды унутуп саясатчыларыбызды биригүүгө чакырат элем. Аймактар үчүн эмес келечек үчүн биригишсе. Азыр бийлик мыйзамсыз оюндарды өткөрүп жатат. Бул кооптондурууда. Консенсус болушу керек, конструктивдүү чечимдер, саясатчылар мыкты шайлоого алып барат. Кыргыз мамлекети кичинекей өлкө. Биз учурда түзүлүп жаткан тарыхый окуялар үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Мындай тегерек стол чоң иштердин башаты болуп жатат".

11:40 Асия Сасыкбаева: "Алдыга жылуу үчүн биз азыр каякта экенибизди аныктап алышыбыз керек. Күч түзүмдөрүнүн, соттордун көз карандысыздыгы төмөндөп кетти. Бийлик тараптан оппоненттерге каршы күч колдонуу көбөйдү. Эл аралык саясат, кадр саясаты жаатындагы маселени карап чыгуу зарыл. Менимче, азыркы парламент президенттен, КСДП партиясынан көз каранды. Өлкөдөгү кырдаалга жараша чечимдер кабыл алынбай жатат. Камчыбек Ташиев саясий партиялардын жоопкерчилиги тууралуу айтып калды, алар өлкөдөгү бардык окуяларга реакция жасашы керек. Өлкөдө эмне болуп жатат? Жарандык коомдо эмне болуп жатканы менен эч кимдин иши жок. Алар бийликтин таасиринен коркушат. УКМКда абакта отурган бийликтин оппоненттери бошотулушу керек. Атамбаевден саясий куугунтукталгандарды бошотууну талап кылдык".

11:33 Иш-чарага катышып жаткан Камчыбек Ташиев: "Мамлекетибизде быйыл боло турган шайлоодо кантип стабилдүүлүктү сактап каларыбызды талкуулоого милдеттүүбүз. Стабилдүүлүктү сактабай туруп бийликке адамдарды алып келсек кандай болот? Негизги маселе элге журтка күйгөн адамды президенттикке шайлап алышыбыз кажет. Жоопкерчиликти аныктоо боюнча айтып коёюн. Бүгүнкү күндө бийлик ээлерине туруктуулук эң керектүү нерсе болушу керек. Саясий окуяларга баа берип турушу кажет. Бүгүнкү бийликке стабилдүүлүк кереги жок окшойт. Шайлоону таза өткөрүүгө багыт албай жатат. Талапкерлер жоопкерчилигин сезе билиши керек. 2011-жылы шайлоодогу нормалар одоно бузулган. Бардык нерсе мыйзамдын чегинде болушу зарыл. Бийликке бай же өзүн-өзү мактаган адам эмес, өлкөнү өнүктүрө ала турган лидер келиши керек", - деди.

11:16 Коомдук саясий ишмерлерди тегерек столго чогулткан Темир Сариев иш-чаранын башында сөз сүйлөп: "Ар бир жасаган кадамыбыз үчүн жооп беребиз. Асмандан алтын алабыз деп айтпашыбыз керек. Учурдагы маселелерди кантип чечерибизди айтышыбыз керек. Элди биримдикке чакырышыбыз керек. Учурда сотторду реформалоодо көйгөйлөр жаралууда. Саясий жаңжалдар көбөйүп, Өмүрбек Текебаев, Аида Саляноваларга иш козголуп жатат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан