Кечээ, 16-апрелде Байтик баатыр көчөсү менен сүрүлгөн маршруттук таксинин айдоочусу оор жаракат алган эмес. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын "Тез жардам" берүү бөлүмүнүн башчысы Нематила Арстанбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 17-апрелде билдирди.
"Кырсыктан бизге эки адам түшкөн. Алардын бири маршруттук таксинин айдоочусу 1966-жылкы Токторбек Кабылов жана 1998-жылкы Элиза Алимбаева. Кыз 40 мүнөттөн кийин шок абалда түшкөн, стресс алып, чочуп калган, оор жаракат албагандыктан үйүнө кеткен. Түнү саат 00:15терде айдоочу өзү келген, ал үйүнө амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Себеби ал жеңил жаракат алган, мээнин ичине доо кеткен эмес", - деди Нематила Арстанбеков.
Эскерте кетсек, кечээ саат 18:00дөр чамасында маршруттук такси менен Тойота Камри унаасы сүзүшүп, 15тей жүргүнчү жабыркап, 9у "Тез жардам" кызматы менен ооруканаларга жеткирилген.