Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Тийиштүү документке өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 17-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш 2017-жылы 16-мартта кабыл алган. Анда Кыргыз жарандарынын Казакстандын аймагында жүрүү тартиби каралган. Мыйзам расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.