Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип кармалган жарандын Кыргыз жеринде туулганы айтылууда

Орусиялык айрым маалымат каражаттары "Санкт-Петербург шаарындагы метродо болгон жардырууну уюштурган" деп шектелип кармалган Аброр Азимовдун Кыргыз жеринде туулганын жана 2013-жылы Орусиянын жарандыгын алганын жазышууда.

Маалыматка караганда, Аброр Азимов теракт болгон күнү батирине келген эмес жана телефондорун өчүрүп салган. Кечээ ал бир канча жаңы телефон, сим-карта сатып алып, алардын бирин жандырган учурда жүргөн жери аныкталган. Кармалган учурда анын жанынан октолгон тапанча жана телефондор табылган. "Эмнеге кармалганыңды билесиңби?" деп сураган учурда ал "ооба" деп жооп берген.

Тергөөнүн версиясы боюнча Азимов жанкечти Акбаржон Жалиловду даярдаган. Учурда Азимов сурак берүүдө.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, 15 адам каза болгон. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
admin_portal
2017-04-18 12:55:38
Bolunbo.kyrgyz,Адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган
-2
Abdivahap
2017-04-18 13:11:51
ХХХ жаман тойгоздуго
+4
admin_portal
2017-04-18 13:40:38
Abdivahap,кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
-4
KUMKA
2017-04-18 13:15:27
Ушундай террористтерди кобойуп кетуусун алдын алуу максатында террористтерди торой тургандардын "боюнда" болуп калуусун алдын алуу боюнча иш чараларды иштеп чыгыш керек."Алар" канча коп торосо Кыргызстандык террористер ошончо коп боло берет.
+2
sultan89
2017-04-18 13:44:27
Этнический узбек Азимов, так же как и Джалилов, родился и вырос в Ошской области Киргизии, а в 2013 году, отказавшись от гражданства этой страны, получил российское. Гражданином РФ являлся и Джалилов. Очевидно, что российские паспорта облегчали исполнителю и предполагаемому организатору теракта подготовку к преступлению, считают в спецслужбах.
+3
Dilnaz.kiko
2017-04-18 13:51:43
Бул жон эле шоу окшойт орустар мн иштейм копчулугу пастава толко новостиден айтып атшат буларды оздору эле кылышты деп атшат а биздин депутарга барибир кыргыз десе аа деп карап отура бергени учун баары бизге асылат
+3
adimyrza
2017-04-18 13:54:06
Кыргызстанда да текшеру керек ХХХ булардын колунан жакшылык келбейт этят болуш керек
+5
nur...nur.
2017-04-18 14:38:42
подстава болсо шору куруду бей куноо кармалгандар
0
admin_portal
2017-04-18 14:43:48
nur...nur.,Этика нормаларын сактаңыздар.
0
Derzki_kyrgyz
2017-04-18 16:18:57
Муну Бийлик озу уюштурган
0
BarsBaatyr
2017-04-18 16:48:33
Улут деген графаны албаш керек.Антпесе Кыргыздар жаманатты боло беришет
+1
Kanatbek81
2017-04-18 17:29:44
Жардыруу болгондон кийин бир сааттын ичинде допучан сакалы бар адам шектуу деп жазышты, ал адам озу келип куноолу эмес экенин айткандан кийин казак жарааны деп аташты. ал да мойнуна албаган сон олуп калган адамга баарын жуктолду. суроо:терор экенин кантип он минутта билип алышты жана сакалдуу адам шектуу деп чечим чыгарып алышты? Балким интелегентный адамдыр жэ аялдыр), кыскасы мусульмандар кунолуу болуп жатат болбосо бир да терордук уюм оз мойнуна алган жок. Менин оюмча олгон бала куноолу эмес.
+4
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-18 17:38:00
Элдин көңүлүн башка жакка буруу үчүн атайын жасалган жардыруу дегенин орусиялык сайттардан окуп калдым...Терактты эч ким мойнуна албай коюуптурго.
+2
Kanatbek81
2017-04-18 17:43:17
Экинчи маселе,озбектер экиге болунот.биринчиси русско язычный оздорун маданияттуу жана тыкан сезишет,кобунчо таксист сушист повар болуп иштешет, экинчи болугу стройкада двордо кочолордо иштеп тиричилик откозушот. Биринчи айткан озбектер экинчи планкадагы озбектер менен вообще суйлошуп мамиле кылышпайт,нрав позволять этпейт. Суроо:кантип Жалиловду,кармалган бала терорго угуттошу мумкун? Куру жок шымына 830 гр тапанчаны салып коркпой кочодо журот?анан эмне учун мойнуна алды)?
+1
Kanatbek81
2017-04-18 17:57:27
Эмне учун мойнуна алып алды?)терорго 20 жыл берет тапанчага 2 беретко? Тушунуксуз ценарийлер ото коп болуп кетти? Паспортко улут эмес жети атасын жазсан да кыргыз жарааны деп айтылат паспорт элэ эмес торолгон жери уже далил болуп жатпайбы. билбей туруп озбек деп акараттай бербейли, аларды да Аллах жараткан. Биз кандай россияда соз угуп журсок аларда кыргызстанда ошентип элэ жашап журушот.Орустарга тенелбейли умотту экиге болуп биз мусулманыкенибизди эстен чыгарбайлы туугандарым менин.
+4
kksovet87
2017-04-18 18:10:46
Жакшынаа оокатын кылып жургон кыргыз мигранттарыбызды дагы кыйнап текшермей башталат экен да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан