Базар-Коргондо 22 адам салатка ууланып ооруканага түштү

Жалал-Абад шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча Базар-Коргондогу Могол айыл өкмөтүндө 22 адам салатка ууланып, ооруканага түшкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-апрелде кабарлады.

Алдын ала жүргүзүлгөн иликтөө иштерине ылайык, жабыркагандардын баары 15-апрелде кыз узатуу тойдо сапатсыз жасалган салатка ууланышкан.

"17-апрелде 8 адам Базар-Коргондогу аймактык ооруканага кайрылышкан. Алар жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, дарыланып жатышат. Дары-дармектер жетиштүү. Лабораториялык изилдөөгө бейтаптардын ашказаны жуулган суулар алынды, ал эми салаттын калдыктары калган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.

Бүгүн, 18-апрелде дагы 14 адам ооруканага жаткырылган.

"Жалпысынан саат 11:30да 22 адам жаткырылды. Экөөнүн абалы орто, калгандарыныкы канааттандырарлык. Жер-жерлерде тамактан уулануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
abusait
2017-04-18 15:08:42
Эстен кеткис кыз узатуу той болуптурда . Омур бою эстеп журушот жанакы тойдобу деп. Иши кылып аман эсен болушсун.
+5
Begimkyz.
2017-04-18 15:22:13
abusait,туура айтасыз. Баланчанын кыз узатуу оюнда деп айтып жүрүшөт эми. Жакшы болуп кеткиле!!!
+1
Begimkyz.
2017-04-18 15:23:30
abusait, *тоюнда.
0
dosbol.kg
2017-04-18 15:22:42
Сыдыкова гуля
-2
Elcinor
2017-04-18 16:12:26
Эптеп септеп кыла беришет да ошого.
0
Kroxa
2017-04-18 20:01:29
Тойдо абайлап жегиле кун жылып калды бат ачып кетчу нерселерди кошуп койушса керек билбестик кылып..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан