Сооронбай Жээнбеков Тайырбек Сарпашевдин эмнеликтен кызматтан бошотула электигин айтып берди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу "Республика-Ата Журт" фракциясына отчёт берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков депутаттарга ИПДнын көрсөткүчү, импорт, экспорт жана республикалык бюджеттин аткарылышы, мамлекеттик башкаруу тузүмүн оптимизациялоо жана башка тармактарда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Депутат Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп келген Тайырбек Сарпашевге Башкы прокуратура иш козгогонун белгилеп: "Эмне үчүн ал кызматтан дале алына элек? Кээ бир кызматкерлерди ишеним жоготкону үчүн иштен бошотосуңар. Же Сарпашев өзгөчө баалуу кадрбы? Эмнеге минтип тандап мамиле кыласыңар?" - деди.

Өкмөт башчы бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн айтты. "Мекемелер аралык комиссия түзүлүп аны Жеңиш Разаков жетектеген. Алар тергөө иштери менен биргеликте иштеп башташкан. Кийин тергөөнүн жыйынтыгы чыкканча комиссия ишин токтотуп турат деген чечим кабыл алынган. Сарпашев күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айтууга укугум жок. Биз аны кызматта алып калуу максатында чечимди кечиктирип жаткан жокпуз. Тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда акыйкат чечим чыгарылат", - деди Жээнбеков.

Депутат Мирлан Жээнчороев жакында суу толуп турган чуңкурду оңдоп жаткан окуя боюнча 5 кызматкер иштен айдалганын өкмөт мактанып айтып, олуттуу кылмыш боюнча айыпталган чиновникти иштен бошотулбаганын кошумчалады.

“Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов сапатсыз жол курган компанияны сотко берүүнү сунуштады.
“Канча компанияга сапатсыз жол кургандыгы боюнча сотко берилди? Тендер өткөрүп компанияларды тандап жатканда келишим түзөсүңөрбү? Ал жерде кепилдик мөөнөтү канчага чейин жазылган?” - деп суроо узатты.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү билдиргендей, жаңы жол курууга 2 жыл кепилдик мөөнөт берилсе, жолду оңдоого 1 жыл бериле турганын айтты. Ошондой эле Кыргыз мамлекети бир дагы компания менен сапатсыз жол кургандыгы үчүн соттошо элек экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында "Республика – Ата Журт" фракциясынын депутаттары айтылган сунуштарды эске алуу менен Өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапты.

Кечээ, 17-апрелде премьер-министрдин 2016-жылдагы Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчётун парламенттеги коалициялык көпчүлүк канааттандырарлык деп баа берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан