12:05. Митинг аяктады. Уюштуруучулар митингдин катышуучуларын "Ата Мекендин" штабына чакырышты. Бул митинг эртең саат 10:00дө уланмакчы.
12:00. Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Бул митинг эртең саат 10:00дө уланат".
11:59. Депутат Каныбек Иманалиев: "Сот бүгүн саат 18:00дө Текебаевди камакта калтыруу же бошотуу маселесин карайт деген маалымат бар. Бирок ал так эмес. Балким, эртең да карап калышы мүмкүн".
11:48. Депутат Наталья Никитенко: "Текебаев дайыма чындык үчүн күрөшкөн, мыйзамсыз байыган адамдарды ашкерелеген, алардын аттарын коркпой айтып келген. Чындык бийликке тоскоол кылууда. Биз "Ата Мекен" адилеттүүлүк үчүн аягына чейин турабыз".
11:44. Депутат Аида Салянова: "2010-жылдан кийин мамлекетти укуктук талаага түшүрүүдө Текебаевдин салымы чоң. Бүгүнкү сот адилеттүү чечим чыгарат деп үмүттөнөм. Мародёрчулукту иликтеген комиссия мүчөлөрү биздин жөнөкөй суроолорубузга жооп бере алышкан жок".
11:37. Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Өз пикирин айткан адамдарды камоону бийлик адатка айландырды. Демократиялык принциптер бузулуп, бийлик эл менен эсептешпей жатат. 2005 жана 2010-жылдагы окуяларга негиз болгон нерсе бийлик элдин пикирин эсепке албай калган. Бүгүнкү күндө ошол учур кайталанууда".
11:34. Депутат Каныбек Иманалиев: "Текебаевди, Чотоновду жана бир топ азаматтарды ушактын негизинде камашты. Азыркы сот жабык болуп жатат. Биз депутаттар болуп, бирибиз да Текебаевге кире алган жокпуз. Бул адам укугун бузуу. 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча комиссия жылдап иштеп, Текебаевдин мародёрчулукка тиешеси бар экенин далилдеген бир да фактты тапкан жок".
11:26. Митингчилер менен жолугушууга депутаттар чыгышты. Алар "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Сайдулла Нышанов, Бахадыр Сулейманов, Наталья Никитенко, Аида Салянова.
11:06. Митингчилер "Жүктүн ээси ким?" "Атамбаев кетсин!", "Текебаевге боштондук!" деп кыйкырышууда.
11:00. Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Жарылууга багыт бар. Журналисттерди соттоп, саясатчыларды камай берсек, төңкөрүшкө алып келиши толук мүмкүн".
10:59. Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери акциянын уюштуруучуларына келип, митинг мыйзамсыз өтүп жатканын айтты. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Биринчи Май райондук соту 13-апрелден 21-апрелге чейин Ак үйдүн алдына, "Ала-Тоо" аянтына жана өкмөт үйүнүн алдына митинг өткөрүүгө тыюу салган. Милиция кызматкерлери митингди Горький сейил багында өткөрүүнү сунуштап жатат.
10:31. Митингчилердин саны 100дөн ашты. Алардын арасында Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева, экс-депутат Асия Сасыкбаева бар.
10:29. Жактоочу Канатбек Азиздин айтымында, бүгүн Текебаевди камактан бошотуу же калтыруу маселесин Биринчи Май райондук соту карайт. "Саат канчада болору белгисиз. УКМК ишти прокуратурага же сотко өткөрүп бериши керек эле. Бирок иш тергелип бүтө элек деген негизде Текебаевдин камакта калтыруу мөөнөтүн узартып берүү боюнча сотко кайрылышкан", - деди Азиз.
Бүгүн, 20-апрель күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты. Алар Текебаевди камактан чыгарууну талап кылышууда.