Бишкектен унаа базарына чейинки жол жакында жаӊыланбайт

Бишкек шаарынан Сокулук аймагындагы унаа базарына чейинки трасса кийинчерээк жаӊыланып курулат. Бул тууралуу 20-апрелде транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов маалымат жыйында айтты.

Министрдин айтымында, Бишкектен унаа базарына чейинки 9 чакырым жол Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу долбоорунан чыгарылып калды. Себеп - акчанын жетишсиздиги. Акча үнөмдөлүп 9 чакырым жол кийинчерээк оңдоло турганы айтылды.

Эскерте кетсек, Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу иши жакында башталат. Кыргыз мамлекетинин Транспорт жана жол министрлиги менен Кытайдын "China Railway" компаниясынын ортосунда 70 миллион 239 миӊ 899 доллар суммасындагы келишимге кол коюлган. Келишим 3 жылга түзүлгөн. Мындан тышкары 365 күн мүчүлүштүктөргө жоопкерчилик мезгили үчүн каралууда. Ошентип долбоорду ишке ашырууга жалпы 4 жыл берилди.

Долбоорго Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 100 миллион доллар бөлүнгөн. 65 миллион доллары кредит, 35 миллион доллары грант. Долбоордун алкагында трассаны тийиштүү жабдыктар менен жабдуу, эл жашаган аймактарда трассанын эки тарабына теӊ жаӊы тротуарларды куруу, жол четиндеги арыктарды оӊдоо, жөө адамдар жердин астынан жана үстүнөн өтүүчү тилкелердин эскисин жаӊылоо, жаӊысын куруу иштери да жасалууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Seryi-Kardinal
2017-04-20 12:38:38
100 mln berse 70 mln go kursa, 30 mln kaiaka ketti
0
Akshumkar
2017-04-20 13:15:49
Ээн жаман участок ошол Кызыл Аскерден баштап унаа базарына чейин. Ошол жерден баштаса болмок туура эмес кылды барып корсонор Киркомстромдун кире бериши GBU-43 тушкондой (Мать всех бомб)
-1
scorp
2017-04-20 17:05:34
Akshumkar,озу кыргызстандын бут
эле жолдоруна папа всех бомб тушкон)))
0
juma11anara
2017-04-20 15:19:18
30миллионго ошо 9километр жол ондолмок. Аны сол чонтоко салып коюшту да.
0
sabyr86
2017-04-21 01:23:20
Оңдобой эле койсун,ансыз да базар күндөрү балдар жолдон араң өтүшөт,жаман жолдо аңыраңдап айдашат.жол салынып калса такыр эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан