Президенттик шайлоо 2017-жылдын октябрында өтүшү мүмкүн

Кыргыз жеринде президенттик шайлоо 2017-жылдын октябрынын үчүнчү жекшембисинде өтүшү мүмкүн. Буга чейин президенттин кеӊешчиси Фарид Ниязов КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентке ушундай сунуш киргизгенин айткан эле. Маалымат чын экенин Өмүркулов өзү журналисттерге тастыктады.

Өмүркулов мыйзам долбоору комитетте 1-окуудан өткөнүн айтууда. Президенттик шайлоо Конституцияга ылайык өтөрүн, шайлоонун экинчи турун эске алуу менен тийиштүү убакыт берилерин билдирди.

"Ата Мекен" президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоону сунуштоодо. Эгерде шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, жаӊы президент 1-декабрга чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт, мындай жагдайда азыркы президенттин кызматтык мөөнөтү мыйзамсыз узартылат деп жатышат "ата мекенчилер".

БШК президентти шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга таянып, шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керектигин билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында кызматына киришкен. Конституцияга ылайык, 2017-жылдын 1-декабрында анын мыйзамдуу мөөнөтү толук бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан