"Сапат-центрдин" жанына чогулгандар тарап кетишти

16:23. "Сапат-центр" бизнес-борборунун жанына чогулгандар тарап кетишти. Учурда 20га чукул адам калды. Нариман Түлеев SUPER.KG порталына "Сапат-центрди" курчоого алуу саясий буйрук менен аткарылып жатканын айтып, сотторго ишенбестигин билдирди. Ал эл аралык уюмдарга арызданарын баса белгиледи.

15:20. "Сапат-центр" бизнес-борбору курчоого алынып, ижарага кеңсе алгандар ичине кире албай жатышат.

13:30. "Сапат-центрден" ижарага кеңсе алган жарандарга пицца таратылууда. Имарат курчоого алынгандыктан, алар эртеден бери жумушка кире албай жатышат.

13:08. "Сапат-центрде" ижарага кеңсе алган жарандар акыйкатчы Кубат Оторбаевге кат жазып, кол топтошууда. Катта алар укуктук жардам сурашууда.

12:59. "Сапат-центрдин" жанына чогулгандар үчүн иче турган суу таратылды.

12:45. "Сапат-центрдин" жанына экс-акыйкатчы Турсунбек Акун келди. Ал милиция кызматкерлеринен сот аткаруучуларды сыртка чыгып, ижара алуучуларга маалымат берүүнү суранды.

Ижарага кеңсе алган жарандар: "Бул жакка бир да мөөрү жок, колго жазылган, жооптуу адамдын колу жок кагазды чаптап коюшту. Ага "24-апрелде келгиле, колуңарда бул имараттан ижарага кеңсе алган келишимиңер болсун" деп жазыптыр. Ким ижара келишими сыяктуу документтерин үйүнө алып кетмек эле? Андай иш-кагаздын баары бул жакта сакталган. Дүйшөмбү күнү келишими жок киргизбей коюшат да, дагы. Иш күнүбүз бекер өтүп жатат. Жумушубуздун баары калды. Отчётторду тапшыруу керек".

12:40. Курчоого алынган "Сапат-центрге" кирип чыккан Назгүл Түлеева (Нариман Түлеевдин кызы) имараттын ичинде эмне болуп жатканын айтып берди. "Имараттын ар бир кабатында формачан жана формасы жок 30 адамдан турат. Алар өздөрүн жеке үйүндөй сезишип, түкүрүп жүрүшөт. Мен иш бөлмөмө кирип документтеримди алайын десем, алар "сени менен чогуу киребиз" дешти. Мен баш тарттым", - деди Түлеева.

12:30. "Сапат-центрдин" жанына чогулган адамдардын саны азайды. Башында алардын саны 300гө жакын болсо, азыр 100гө чукул адам чогулуп турат.

12:00. "Сапат-центрдеги" медициналык борборго бейтаптар имарат курчоого алынганына карабай кантип кирип жатканы белгилүү болду. Аталган борбордо иштеген дарыгердин түшүндүргөнү боюнча, милицияга бейтаптардын тизмеси берилген. "Бул жерден бейтаптар гемодиализ алышат. Эгер алышпаса, өлүп калышы мүмкүн", - деди дарыгер.

11:36. "Сапат-центрдин" имаратынын кире беришиндеги эшикке колго жазылган жарыя илинди. Анда эч кандай мөөр басылган эмес жана жооптуу адамдын колу жок. Жарыяда төмөнкүдөй текст жазылган: "Урматтуу ижара алуучулар! 24-апрелде саат 09:00дө ижара тууралуу келишимди жана паспортуңарды алып келүүңөрдү суранабыз. Мүлкүңөрдү кабыл алып өткөрүп берүү иштери жүргүзүлөт".

11:27. Нариман Түлеев: "Эгер "Сапат-центрдин" айланасындагы кырдаал өзгөрбөсө, биз ачкачылык жарыялайбыз".

11:05. Учурда имараттын ичинен кеңселерди ижарага алып ишмердүүлүк кылган ишкерлер милиция кызматкерлеринен ичкери киргизүүнү талап кылып жатышат. Бирок орган кызматкерлери киргизбей жатат. "Ичине кирүүгө уруксат бербей жатышат. Имаратты курчоого алып жатышканына ичиндеги ижарада отургандардын кандай тиешеси бар? Биз акчасын төлөп, бул жакта кеңсе алып иштейбиз. Мүлктөрүбүзгө эч ким тийген жок деген кепилдик барбы? Эмеректерибизди, техника жана керектүү документтерибизди, иш-кагаздарыбызды алып чыгып кетүүгө уруксат берилиши керек да. Биз өлкөгө салык төлөөчүлөрбүз. Укугубуз бузулуп жатат", - деди сыртта тургандардын бири.

Мындан сырткары имараттын ичинде ишкерлик кылган жарандар бир ооздон укук коргоо кызматкерлеринен тийиштүү кагаздарды суроодо. Эч кимиси имаратты курчоого жана тинтүүгө ала турган документти көрсөтүшкөн жок. Ал эми имараттын ээси Нариман Түлеевге буйруктун көчүрмөсүн көрсөтүшкөн. Түлеевдин айтымында, ал кагазда дата, тинтүүгө ала турган мөөнөт жок жана кагаздын да түп нускасы жок.

11:00. "Сапат-центрде" ижарада тургандар аларды милиция киргизбей жатканына нааразычылык билдиришүүдө. "Каржы полициясы саат 05:00дө имаратка киришкен. Биз саат 8:00дөн бери турабыз, ичине киргизбей жатышат. Эч ким чыгып расмий документ көрсөткөн жок", - дешти ижарада тургандар.

10:30. Каржы полициясынын өкүлү: "Сапат-центрдин" имараты улутташтырылган, ал Нариман Түлеевге эмес, мамлекетке таандык. Соттун тиешелүү чечими бар".

10:00. Нариман Түлеев: "Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттон эч кандай кагаз алып келбей, имаратты курчоого алды. Эч кимди киргизбей жатышат. Эгер соттун чечимин көрсөтүшсө, биз эч кандай тоскоолдук кылбайбыз".

Мындан тышкары ал аягына чейин турарын баса белгиледи. "Эртели-кеч мындай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандар жазага тартылышат. Баары өз ордуна келип калат", - деди Түлеев.

09:10. Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда "Сапат-центрдин" имаратынын жанында 200гө чукул милиция кызматкери турат.

09:00. Н.Түлеевдин кызы Назгүл Түлееванын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мажбурлап көчүрүүгө аракеттенүүдө. "Бүгүн эртең менен саат 06:00дө имаратты курчоого алышты. Андан кийин ичине кирип кетишти, эмне кылып жатышканын айтышкан жок. Имараттын ичинде бир гана биздин үй-бүлөбүздүн эмес, ижарада отургандардын да мүлктөрү бар", - деп нааразычылыгын айтты Түлеева.

Бишкектин экс-мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге таандык делген "Сапат-центрдин" имараты курчоого алынды.

Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр курчоодо
Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр курчоодо 2
Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр курчоодо 3
Нариман Түлеевге таандык Сапат-центр бизнес борбору курчоого алынды
Сапат-центрде иштегендер документтери үчүн кабатырланышууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
frunze14
2017-04-21 10:50:46
Атамбаев жаман эле кутурду го. Ушуну ордуна коюп койор кыргыз жигиттери калбай калганбы?!! Жогорку Кенеште бир озбек менен бир орус эмне десе да хоп деп калп эле жигитмин дегендер отурат, чынында аларда кымындай намыс да, жигиттик сапат да жок... Бу Атамбаевдин кордугу отуп кетти го, элди ойлобой озун ойлогон. Ошол "апендинин" айынан миллиондой жаштарыбыз кыйналып чет жерде тентип журот, Кыргызстан коздон учуп, сагынып... Атамбаев жакшылыкча, тынч кетчу туру жок бийликтен!!!
+16
aydinnur
2017-04-21 11:12:12
Бар мүлкүн тартып алып кайра сатып,Кытайдан алып келген одноразовый автобустардын ордуна жакшыраагын алышсын..а автобустарды өзүнө берип койсун,темир катары кайра Кытайга сатып келсин,опуту деги бар..
+2
Begmat1992
2017-04-21 11:27:13
Бийлик ушинте берсе аташка да жакында туркяга качат
+9
dina1983-19
2017-04-21 15:16:27
Begmat1992, туркия кабыл албайт мамилеси бузулган. Ал жакка барып дагы бир нерсе дей койсо керекда...
+3
Oylonkyrgyzym
2017-04-21 11:59:02
Мен Нариманды аппак дебеймин.Себеби менин да убагында шаарда павильонум бар болчу, менин жанымдагыларды да, баарыбызды какшатып ичиндеги товарларды чачып жуктоп кеткен,ошону дал ушул Нариман мер болуп турганда кылган.Мага окшогондордун канчасын сыздаткан.
Жанымдагылар жаны эле сатып алгандары болгон,ошолордун акыбалына мына эми озуно кезек келип атат акырындап.
+10
Kyrgyz_bloger
2017-04-21 11:59:30
Шоу башталдыбы
+4
Oylonkyrgyzym
2017-04-21 12:02:27
Убагында булар да элди сыздаткан да Бакиевдер менен.
Бирок калыс созум бийликтин бул кылганы туура эмес.
Бироонун уйуно уруксатсыз бастырып кируу десе болот.
Бирок Нариманда убагында ушундайларды жасаганда.
+7
Mers124
2017-04-21 12:14:22
Бул имарат сот тарабынан конфискацияланган да. Милициялар соттун чечимин аткарып атышат
+1
KGstan1981
2017-04-21 12:16:47
Mers124,Туурасы сот тарабынан эмес Атамбаев тарабынан прихватизацияланган.
+2
nurbekasr
2017-04-21 12:21:27
АШАны кечээ ак үйдүн астында пикетчилер кетсин деп кыйкырык сүрөөн кылган.Буюрса алтындарым Кудай кааласа күздө кетем деп жатса керек.Негизи АША кетмей сайын Кыргызстан онолбойт.Курулай ар нерсени мактанып сүйлөй берет.Оңдосо кызын оңдоп алат эле,теңирден терс кылыктанып жыланач сүрөтүн жарыя кылбай ХХХ .Айтмакчы АШАнын балдары кайда эмнеде иштейт,Максимдей жарыя болбой иштеп куруталы деп жатышса керек.Алар да бир күн ачыка чыгат буюрса.Булардын да ат көтөргүс былыктаоңры бар,бир күн кнлет э
+6
toktor89
2017-04-21 12:32:57
Эмне эле болуп атат бара бара.
Же ашакенин бузуку планыбы
+3
Adil706070
2017-04-21 12:47:58
Бийлике каршы чыккан адамдарга кысым боло берсе,аягы жакшы болбойт.
Экинчиден минтип соода борборлорун саясатка байлап карапайым элдин жашоо-тиричилигине да бут тосууда элди иш менен камсыз кылгандын ордуна.
Элибиз жумушсуздуктун айынан копчулугу базарга чыгып соода кылып жан багып жатышат.
+1
Eksvp_1
2017-04-21 12:53:09
Atamabaev ozu uchun emes kyrgyz eli uchun kaitaryp alyp jatat.Atambaevten bawkasynyn dyhy jetpeit.bul da opyt .Mamleketin karamagyna kaitarywty da uirotup jatat.ubagy menen kalgany da ,kaitarylyp alynat.
-2
spinkub
2017-04-21 14:57:54
Eksvp_1,Сен ооруйсунбу? Кайсы кыргыз Эл учун? Эмне кылды Эл учун?
0
Eksvp_1
2017-04-21 12:56:45
Uwundai kylsa da bolot eken degendei.
0
good-girl
2017-04-21 15:56:21
ООО Аллах баарыбызды туура жолго сала кор, бизге адилеттуу ыймандуу адамга мамлекетибизди тапшырагоооор. Аташканы вооопше жиним суйбойт тезирек кошоматчылары мн кетип жоголсо экен !!!!!!!.
+1
Mr.enriiko
2017-04-21 16:03:20
Ким Ким бирок Нариман ишмер, хозяйственник,кризис менеджер ушул баланын колунан келет кыргызстанды оногонго чынында. Мен аны тааныбайм бирок бийлик Нариманды командасына кошсо суйунмокмун ато лидер жок болуп жатат чынында ал жакшы иштеп бермек деп ойлойм.Эми бул менин оюм.
-6
lilishka
2017-04-21 16:46:18
Чынын айтайын жон жашагылачы экран артына туруп алып кыйын болбой. АША молодец
+1
Suzak12
2017-04-22 10:34:06
lilishka,Туура айтасын жаманбы жакшыбы бул биздин президент эгер окмотко откоруп берсе ушул зданияны ото жакшы болмок керек болсо баардык чондорду ушундай кылыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан