"Ата Мекен" өкмөттүн 2016-жылкы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты

Парламентте "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн 2016-жылкы ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Мындай чечим 21-апрелде фракция жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

Фракция лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов өкмөттүн чабалдыгын белгиледи. "Боинг кырсыгында жабыркагандарга, маданият тармагына көңүл бурулган жок. Отчёт кагаз түрүндө эле берилген. Реалдуулуктан чыгып кеткен", - деди депутат.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк жана "Республика - Ата Журт" фракциясы өкмөттүн бир жылдык ишин "канааттандырарлык" деп табышкан.

Садык Шер-Нияз: "Кандуу жүк 45 адамдын өмүрүнөн кымбат турабы?"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан