Бир кезде "Атага кат" дуэти менен калың элге таанымал болгон Сапар Эркебаев акыркы убакта көрүнбөй кетти. Күйөрмандары анын кайда, эмне кылып жүргөнүн билүүгө кызыкдар болсо керек. Көрсө, чыгармачылыгын убактылуу токтоткон ырчы ишкерликке ооп кеткенин айтты: "Дордой" базарында соода кылам. Жаңы иштеп баштаганда "ырчы мырза, бизге кошуна болуп калдыңбы?" деп жүрүштү".
Сапар мырзанын жаңылыктары тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, "Супер-Инфонун" жарык көргөн жаңы санын (№755, 21-апрель, 2017-жыл) алып окуңуз.