Бишкектеги Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде кырсык орун алды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, кара түстөгү Мерседес эки мектеп окуучусун сүзүп токтобой качып кетти. "Мерседес менен Субару үлгүсүндөгү эки унаа катуу ылдамдыкта кубалашып келе жаткан. Мерседес эки окуучуну сүзүп, токтобой качып кетти. Кубалап келе жаткан Субарунун айдоочусу да токтогон жок. Окуя болгон жерде "08 382 ААF" унаа номери табылды. Жабыркаган окуучулар ооруканада", - дешти күбөлөр.