Мүлк фонду: "Сапат-центр" бизнес-борборунун имараты 2016-жылы эле мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн"

Бишкек шаарындагы Манас 101/1 дарегинде жайгашкан Сапат-центрдин имараты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын карамагына өткөрүлүп берилүүсү шарт. Мындай буйрукка 2016-жылы 28-декабрда кол коюлуп, бир аптанын ичинде буйрук ишке ашып, аталган кызматка өткөрүлүп берилиш керек эле. Бирок, бул мөөнөт 4 айга созулуп, мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү иштери бүгүн жүргүзүлө баштаган.

Документте "Сапат-центрдин артындагы Жумабек 203/1 дарегинде жайгашкан имарат дагы көрсөтүлгөн. Бирок ал Түлеевдердин үй-бүлөсүнө таандык эмес", - деп жазылат.

Айта кетсек, бүгүн, 21-апрелде эртең менен күч органдары Бишкектин экс-мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге таандык делген Сапат-центрдин имаратын курчоого алган. Нариман Түлеевдин айтымында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соттон эч кандай кагаз алып келбей, эле ишке киришишкен. Каржы полициясынын өкүлү: "Сапат-центрдин имараты улутташтырылган, ал Нариман Түлеевге эмес, мамлекетке таандык. Соттун тиешелүү чечими бар", - дейт.

Имараттын ичинен ижарага кеңсе алып иштеген жарандар саат 16:30га чейин кетпей эшиктин алдында турушту. Аларга Сот аткаруучулар тарабынан 24-апрелде келип, мүлктөрдү берүү, өткөрүп алуу иштери жүргүзүлөрүн айтылып, тарап кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан