Сот Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырды

19:45. Сот Өмүрбек Текебаевди 25-майга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди. "Текебаев өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна алган жок. Сот чечими боюнча шаардык сотко кайрылабыз", - деди жактоочу.

18:40. Дүйшөнкул Чотонов 25-майга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бактыбек Жумашов билдирди.

Айта кетсек, УКМК камакта отурган депутат Өмүрбек Текебаевди жана экс-чиновник Дүйшөнкул Чотоновду Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айыптоодо.

Дүйшөн Чотоновдун жактоочусу Бактыбек Жумашов

16:55. Депутат Наталья Никитенко: "Текебаевди дагы бир жолу мурдагы аскер сотунун имаратына эмнеге алып келишти? Бул сот мурда эле жоюлган. Бул жакта эч ким жок. Биз муну мыйзамсыз деп билебиз".

16:45. Депутат Аида Салянова: "Мыйзам боюнча, далилдер жетиштүү болгондо кылмыш иши козголот. Ал эми Текебаевди кармап алып далилдерди издеп жатышат. Эки ай убакыт жетпей эми дагы узартканы жатышат".

Бүгүн, 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карап жатат. Сот мурдагы аскердик соттун имаратында өтүүдө. Текебаевдин тарапташтары сыртта митинг өткөрүп жатышат. Соттун имараты милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

9-мартта Текебаевдин баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту карап, аны 2 айга (2017-жылдын 25-апрелине чейин) камакка алуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. УКМК "тергөө бүтө элек" деп Текебаевдин мындан аркы баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сотко кайрылганы белгилүү болду.

Райондук сот Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын карап жатат
Текебаевдин тарапташтары митингге чыгып, соттун чечимин күтүшүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан