Жыргалаңдагы шахтага көмүр казганы кирип, чыкпай калган эки адам изделүүдө

Жыргалаңдагы шахтада эки адам изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-апрель күнү саат 17:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Дөргө көмүр” шахтасында иштеген Н.К. жана А.Т. болжол менен саат 16:30да шахтага көмүр казганы киришип, белгисиз себептер менен кайра кайтып чыгышкан эмес.

"Ошол эле күнү саат 18:10дон тарта 21 куткаруучу тартылып, 23-апрель күнү саат 05:00гө чейин издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок табылган жок. Издөө иштери уланууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chyngyz-40
2017-04-23 15:37:41
Аллах сактасын эми табылып калсын
0
dastan_nookat
2017-04-23 18:13:04
Табылып калышын каалайм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан