Ош шаарында "өз апасын сабап өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22-апрель күнү эртең менен Ош шаарында 1976-жылы туулган Арзыгүл Кожонованын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда, маркумдун киши колдуу болгону жана 13 кабыргасы сынганы аныкталган.
"Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалды. Ал маркумдун баласы болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дейт Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.