Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев 22-апрелде TNA (Total Nonstop Action Wrestling) мелдешинде орусиялык мушкер Антон Калининге утулуп калган. Анда калыстардын мындай чечимине макул болбогон спортчу рингден көпкө чейин кетпей турган. Беттештин калысы "өлкөдөн депортация кылып жиберебиз" дегенге чейин барган. Мушкер Дастан окуя тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
- Бул мелдешке Антон Калининдин атаандашы жаракат алып калган. Аны алмаштырып, мен чыккам. Беттештин 3-раундунда орус мушкерин нокдаунга учуратканга жетиштим. Калыстар жеңишти ыйгарышкан жок. Беттешти экстра-раундга узартышты. Алардын тартып койгону даана эле байкалды.
- Мурда-кийин мелдештерде ушундай сыяктуу окуяга туш болуп көрдүң беле?
- Беттештен кийин өз талабымды айтып, рингден кеткен жокмун. Калыстар машыктыруучума да кайрылышты, ал да кетпейбиз деп турду. Ошондо калыстар күзөтчү чакырабыз деп коркутушуп, полиция чакырып депортация кылып жиберебиз деп үстөмдүк кылышты. Уюштуруучулар мени көрүүчүлөрдүн алдында уят кылышты. Ири мелдештерде буга чейин мындай окуяларга кабылып көргөн эмесмин.
- Кантип батынып, рингде ошондой сөздөрдү айта алдыӊ?
- Негизи бул спортто көптөн бери жүрөм, мындай уруштун көбүн өткөргөм. Бул ирет чынында улутчулдук болуп, экиге бөлүнүп кеттик. Андыктан акыйкаттыкты айтуудан корккон жокмун. Себеби кыргыздар күчтүү калкпыз.
Эгерде ошол учурда рингде туруп, чындыкты айтпасам, таламымды талашпасам, анда кийин мени басынтышы мүмкүн болчу. Ошон үчүн болгон күчүмдү топтоп, өз оюмду айтууну туура көрдүм.
- Спорттук карьерама чек коюлуп калбайбы деген чочулоо болдубу?
- Башка өлкөдө жүргөндөн кийин, албетте, чочулоо болду. Анан да бул окуя учурда массалык маалымат каражаттары аркылуу тарап кетти. Уруш чыгып кетпесин деп оюн бүткөндөн кийин дароо өз бөлмөмө келе бердим. Эми биз да жөн эле моюн сунуп калбайбыз. Акырына чейин күрөшөбүз, калганын көрө жатарбыз.
Негизи Кыргыз спортчулары менен өткөн оюндарда туура эмес чечим чыгарып, кимдир бирөөгө тартып койгон учурлар болот. Бирок көбүнесе айтылбай кала берчү. Мен сүйлөп жатканда элдин да, кыргыздардын да колдоп жатканын сездим. Ушундай учурда элим мени жалгыз койбосун, мен жалгыз эмес экенимди түшүндүм. Андыктан мени колдогон бардык мекендештериме тереӊ ыраазычылыгымды билдирем.
Бул окуя тууралуу мелдештин башкы калысы Василий Аптукаев орус басылмаларына буларды айткан:
"Мушкерлер бул мелдеште урушуп гана тим болбостон, үлгүлүү жүрүм-турумдарын да көргөзүшү керек. Атаандашына, күйөрмандарга жана калыстарга... Ар бир спортчу эмоциясын башкара билүүсү шарт. Антпесе мелдеш чыр-чатакка айланып кетет. Аталган кыргыз мушкери менен келечекте иштешебизби, жокпу чечиле элек".
Уруштун түрлөрү боюнча Орусия лигасынын президентинин орун басары Дмитрий Штейн:
"Бул окуяда мушкердин жүрүм-туруму менен катар калыстардын чечими суроо жаратат. Менин оюмча, уруш спортундагы калыстардын чечими көпчүлүк учурда талаш туудуруп жаткандыктан, мелдештердин башкы суроосуна айланып жатат. Албетте, нокаут же нокдаун болгон учурларды эсепке албаганда. Өзгөчө конокто өткөргөн беттештерде мушкерлер нокаут же нокдаун менен утууну башкы максат кылуусу керек. Антпесе упайлар тең болуп калганда көпчүлүк учурда үй ээсине тартып коюшат".