2016-жылы өлкө боюнча жол кырсыгынан 128 бала көз жумган

Өткөн жыл ичинде өлкө боюнча жол кырсыгынан 128 бала көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде жарандык активисттердин "Жол кыймылындагы жол коопсуздугун күчөтүү" деп аталган маалымат жыйында Зарина Чекирбаева билдирди.

Анын айтымында, жалпы 1 жылдын ичинде жол кырсыгынан 1200 адам каза болот. Акыркы жыл ичинде жол кырсыгынын саны 10 пайызга өскөн. Активисттердин бири Назира Бейшеналиева "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашпай жатканын сынга алды.

"Биз балдарыбызды согушка жөнөтүп жаткандай тобокел менен жөнөтүп калдык. Көп жылдан бери айтылып келе жаткан долбоордун ишке ашуусу абдан кеч болуп жатат. Биз тездик менен бул долбоорду ишке ашырууну талап кылабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jazy
2017-04-25 15:07:31
Баардык жаш балдар карапайым элдин балдарыда бир чондун баласы болгондо корот элек баар жооктун тривогасын чыгармак карапайым элдин ыйын ким укмак соту деле башкасы деле акча сатылып буткон акчанболсо адамсын акчан жоок болсо эч ким эмессин
+1
Aima94
2017-04-25 15:47:48
jazy,толук кошулам!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан